Асель Кадырбекова: «Ак жоолук салынгандын чын эле ырахаты бар экен». Нурлан жана Аселден маек.

Нурландан сахнага жаңы чыккан убагынан баштап, популярдуулукка жетип дүңгүрөп турган кезине чейин бир канча жолу интервью алгам. Бул аралыкта анын жылдыз оорусу менен оорубай, башында кандай болсо, дал ошондой жөнөкөй бойдон калганына ичим жылычу. Анын бул сапатына ыраазы болуп «кайсы бактылуу кыз Нурланга жолугар экен?» деп ойлоп койчумун, ошол бактылуу кыз Асел Кадырбекова болду. Жаңы эле баш кошкон бактылуу түгөйлөрдү маекке тарттым.
— Нурлан, Асел, куш бооңор бек болсун! Экөөңөр үй-бүлө кургандан кийин деле чыгармачылыктан бошобой жүрөт окшойсуңар. Үй-бүлөлүк жашоо кандай болот экен, даамын тата баштадыңарбы? 
Нурлан: — Асел экөөбүз тең чыгармачыл адам болгондуктан учурда ар кандай интервьюлар, съёмкаларга чакыруулар болуп барганга аргасыз болуп атабыз. Тоюбуз бүткөндөн кийин эс алалы деп ойлогонбуз, бирок ага болбой жатат. Орозодо бир аз тынчыйбыз го десек, ага деле болбой жатат. Конокко баруу, конок тосуу, концерт, той болуп, айтор, тыным жок. Ушунусуна деле, Кудайга шүгүр.
— Бал айына чет жакка кетип калбайсыңарбы?
— Ошентели деп атабыз. Болбосо бул жакта канчалык эс алайын десең да тиричилик тынч жаткызбайт окшойт. Бирок кайсы жакка барарыбыз азырынча чечиле элек.
— Асел, бирөөнүн эле үйүнө барып жашап калуу оор эмес бекен?

Асел: — Мен, Кудайга шүгүр, абдан жакшы үй-бүлөгө туш келдим. Андыктан келин болуп кыйынчылыкты деле сезген жокмун. Нурлан экөөбүз жети жыл сүйлөшүп жүрүп ата-энем менен мурун эле тааныш болгондуктан, мага көнүп кетүү оңой болду.
— Келин болуп ак жоолук салынуу өзгөчө ырахат бекен, жоолук салынып жүрөсүңбү же чечтиңби? 
Асел: — Албетте, ар бир кыз үчүн ак жоолук салынуу — бакыт. Мен жоолугумду чечкен жокмун, үйдө, конокко барганда дайыма салынып жүрөм. Жоолук салынгандын чын эле ырахаты бар экен. Жоолукту болгону съёмка учурунда гана чечем. Экрандын да этикасы бар эмеспи, андыктан телеге тартылганда эле чечүүгө туура келет.
— Көшөгөдө олтурган жактыбы?
— Кичине кезимде келин болуп көшөгөдө олтурганды кыялданбаптырмын. Бул да кыргыздын жагымдуу салты экен, көшөгөдө үч күн олтурдум.
Инстаграмдан манты түйүп жатканыңды көрүп калдык, андан улам “тырмагы жолтоо болбойбу?” дегендер да болду…
— Узун тырмак менен оокат кыла албайм дегендердин бул жөн гана шылтоосу, адам оокат кылгысы келсе кыла берет. Ошол эле учурда аялзаты өзүн карап, сымбаттуу болуп жүрүүгө тийиш. Мен азыр орозо болгондуктан ооз ачып, ооз жабарда тамагымды, чайымды берем. Чынын айтсам, шаарда көп деле иш жок эмеспи. Кир жуюн десем, кир жуучу машина бар, идиш көп болсо, идиш жуучу машина бар, азыр келиндерге баары даяр.

— Нурлан, Асел үй оокатына кандай экен? 
Нурлан: — Аселя үй оокатка тың, тамак-аш жасай аларын башынан эле билчүмүн. Азыр комментарийлерде «Асел тамак жасай алабы?», «Аселдимакияжсыз көрдүң беле?» деп жаза беришет эмеспи. Мен Аселди бардык жагынан көргөм, жакшы билем.
— Үй-бүлө кургандан кийин Аселге кандай талаптарды коюп атасың? 
— Өтө деле чектебейм. Менин ата-энем деле түшүнүктүү адамдар, андыктан Аселядан көп деле нерсе талап кылган жокпуз. Болгону келиндик кызматын талаптагыдай аткарып, кичине оор басырыктуу болсо эле болду. Ошондой эле кийген кийимдери кайната-кайненесинин алдында мага да ыңгайсыздык жаратпасын, башына ак жоолук салынышы керектигин эле айтам. Менин “бир келген жашоодо кысылбай, сыгылбай, бири-бирибизди кыйнабай эле жашайлычы” деген жакшы принцибим бар. Буюрса, Аселянын чыгармачылыгын токтотпостон дагы улантып, мурдагыдан да жакшы иштейли деп атабыз.
Асел: — Нурлан мага продюсер болом деп атат. Мурда: «Ырчылыкты таштайсыңбы?» — дегенинен мен макул болгом. Бирок: “Ырдатам”, — деп атат. Эми баары Нурландын колунда десем болот.
— Чыгармачыл жубайлар Урмат Усенов менен Неляны өкүл ата, өкүл эне тандоо кимдин идеясы болду? 
Нурлан: — Мен өкүл ата коём деп 1-2 адамды ойлоп жүргөм. Бирок ар бир нерсенин убакты-сааты келмейинче так чечилбей жүрө берет экен. Анан той жакындаганда өкүл ата ким болорун чечиш керек болду. Ошондо бул идея апамдан чыкты, бизге да жакты. Урмат өкүл атабызга чалып айтсам, ал: «Кубануу менен кабыл алабыз», — деди. Аселя экөөбүз тең жашпыз, бизге караганда алардын тажрыйбасы бар, чыгармачылыктан да жарашкан түгөйлөр, үлгүлүү үй-бүлө. Андыктан бизге татыктуу өкүл ата, өкүл апа болот деп ишенебиз. Ушундай адамдарды Кудай насип кылганына кубанып атабыз. Тоюбузда келип, экөөбүзгө бриллиант шакек салышты.

— Асел сенин тойдо кийген көйнөгүң көп кыздарды суктандыруу менен, баасы абдан талкуу жаратты. Көйнөктү Нурлан алып бердиби?
Асел: — Ооба. Мен Нурланга: «Дизайнер Наиль Байкучуков тиккен көйнөктү кийүүнү кыялданам», — десем, ойлонгон да жок, менин кыялымды аткарды. Жашоодо бир жолу келген нерседе эсте каларлык болушун кааладык. Бул көйнөк трансформер болуп, эки көйнөктөн турат, баасы 275 миң сомду чапчыды. Биз экөөбүз тең таанымал адам болгондуктан кичине эле бир нерсе кылсак, интернетке бат эле жайылып кетип атат. Өзүбүз социалдык баракчаларыбызга сүрөт койбосок деле, жаныбыздагылар окурмандарынын санын көбөйтүү үчүн чыгарып жиберип аябай тарап кетти. Ошондон улам айрымдар: “Той качан бүтөт?” — деп тажагандарын билдиришүүдө. Болбосо биздин деле тоюбуз эл катары эле болду. Алгач колумду сурап шакек салуу, андан кийин сөйкө салуу, кыз узатуу, үйлөнүү үлпөт тою. Бул нерсени баары эле жасашат.
— Айрым чыгармачыл адамдар: “Сүйгөнүнө жеткенден кийин илхам токтоп, ыр чыкпай калат”, — дешет. Нурлан сенде кандай болуп атат? 
Нурлан: — Жок, менде, тескерисинче, күч алып атат. Аселя эми мага колдоо көрсөтүп турса, мурункудай эле улана бермекчи. Чыгармачыл адам деген улам жаңыланып изденип туруу керек. 10 күндүк эс алууга барып келсек, өз иштерибиз менен алек боло беребиз.
— Нурлан жумшак адам го, ачуусу келгенин көрдүңбү?
Асел: — Жумшаксыңбы?(күлүп) Нурландын ачуусу келсе, катуу эле келет. Андыктан көп жинине тийбегенге аракет кылам.
Нурлан: — Мен сыртымдан жумшак көрүнүшүм мүмкүн, бирок шартка жараша маанайым өзгөрүп турат.

Динара ЧОКОЕВА

БУЛАК:Ledy.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу