Асель Батырбекова, модель: «Ачык кийинип сүрөткө түшүүдөн качпайм…»

 СУЛУУЛАР СЫНАГЫ АРКЫЛУУ МОДЕЛДИК ЧӨЙРӨГӨ КЕЛДИМ… 

Өзүм Чүйдүн кызы болом. «Мисс Кыргызстан 2016» сынагына катышуу сунушу түшкөн. Сынакта алдыңкы орунда багынтпасам дагы алдыңкы 10 сулуунун катарын толуктагам. Ошол иш-чарадан кийин ар кандай агенттиктерден иштешүү сунуштары түшүп, кийимдерди жарнамалоо үчүн көргөзмөлөргө катышып жүрдүм. Фотосессиялар болду. Моделдик кесип менин жан дүйнөмө жаккандыгы үчүн ушул чөйрөгө аралашып калдым. Параметрлерим жана өзүмдү алып жүрүүм моделдикке туура келгендиктен эч кандай окуусу жок эле агенттиктер  иштешип келе жатам.

ЖАҢЫ ГВИНЕЯДАГЫ РЕАЛИТИ-ШОУГО КАТЫШАМ

Мага көп дизайнерлер менен иштешүү бактысы туш болгонуна кубанычтамын. Буга чейин «Arzubek VONAMA», «Вауга» деген ат менен белгилүү бренддердин көргөзмөлөрүнө, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында улуттук колориттеги кийимдерди эл астына алып чыккам. Анан да «International Face 2017» эл аралык моделдер фестивалына да катыштым. Аталган сынактын жыйынтыгынын негизинде жеңүүчүлөр менен биргеликте Жаңы Гвинея аралында өтчү фестивалга барабыз. Ал жакта моделдердин реалдуу жашоосу тууралуу реалити-шоу тартылганы жатат.

МОДЕЛДИК КЕСИП МЕНЕН ӨЗҮДҮ ӨЗҮМ КАРЖЫЛАЙМ

Кыргызстанда моделинг жогорку деңгээлде өнүкпөгөнү менен мага окшогон студенттер жумуш менен алектенип, кем каржысын толуктаганга жарайт. Сүйгөн жумушумду окуу менен чогу алып кетүүгө шарт бар. Көңүлүмө жаккан жумуш ырахат тартуулоо менен бирге өзүмдү каржылаганга финансылык булак дагы болуп эсептелет. Көп таппасам да баскан- турганыма жетчү каражат таба алам.

МОДЕЛДИКТЕ МЕН YЧҮН ТАБУ ЖОК

Иштешүүдө сунуш түшкөн дизайнердин эмгеги менен жакындан таанышам. Ал жерде фотографтын дагы ролу өтө чоң. Эгер дизайнер мени тандаса, демек алардын талабына жооп берем, мен эч каршылыгым жок иштешүүгө даярмын. Ата-энем азыркы замандын кишилери, моделдике келүүмө түз көз карашта болуп, каршылыгын көрсөтүшкөн эмес.

КЭЭБИРӨӨЛӨР МОДЕЛДИКТИ ТҮШҮНҮШПӨЙТ 

Жумушума байланыштуу ачык кийимдерди же болбосо купальниктер менен фотосессиялар байма-бай болуп турат. Бул эбегейсиз эмгекти талап кылат. Сүрөттөрдү көргөн кишилер ар кандай ойлорун билдиришет, бардыгына жагуу мүмкүн эмес. Ачык кийимчен сүрөттөрүмө негативдүү ойлорун калтырышкан күйөрмандарым бар. Ошол эле кезде улуттук кийимчен сүрөттөрдү жүктөсөм көбү суктанышат. Моделдик искусствону баары эле терең түшүнө беришпейт. Негативке көңүл бурбайм. Негизи ачык айрым сүрөттөр Европага ылайыкташтырылган жумуштун натыйжасы.

ТАНДАП АЛГАН КЕСИБИМ МЕНЕН ХОББИМ АЙКАЛЫШЫП КЕТЕТ

Учурда М.Рыскулбеков атындагы кыргыз экономикалык университетинде 4-курста билим алып жатам. Адистигим «Менеджмент жана маркетинг». Окууну аяктаган соң кесибим менен хобимди чогу алып кетем деп ойлойм, анткени экөөнүн байланышы бар. Алды да чоң максаттар бар, алардын бири «Кумарат» деген долбоор. Аталган долбоор боюнча учурда даярдык иштери кызуу жүрүүдө.

БУЛАК:Мантыш

Аргумент.kg
Жооп калтыруу