«Ар Намыс» шайлоого сот реформасын жасай турган талапкер менен барат

“Ар-Намыс” партиясы алдыдагы президенттик шайлоодо өнөктөш боло турган талапкерин долбоор аркылуу тандайт.

Тагыраагы, партиянын лидери Феликс Кулов өлкөдөгү сот системасын, аны менен бирге прокуратуранын, ички иштер министрлигин реформалоо боюнча долбоор даярдаган. Эми аны президент болом деп ат салышып жаткан талапкерлерге сунуштап, алардын кимиси колдоого алса, “Ар-Намыс” партиясы аны менен бирге шайлоого аттанат. Долбоордо сот түзүмүнө кызматкерлерди кабыл алуудагы мүчүлүштүктөр каралып, аны жөнгө салуунун механизмдери да камтылган. Алсак, «сот болом» деген кызматкер нотариус сыяктуу мекемелерде эмес, жалаң гана юридикалык жаатта иштегени тажрыйба катары саналышы керек.

-Соттук реформа болсо, биздин ишибиз сөзсүз оңолот. Экинчиден, Улуттук коопсуздук кызматында көйгөйлөр көп болуп жатат. Анын түзүмүндө коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгы бар. Бирок бул башкармалык саясий куралга айланып калды. Ошондуктан анын ордуна президентке баш ийе турган кызмат ачууну сунуштап жатабыз.

Ал сөзүнүн уландысында азыркы учурда 4-5 талапкер «бул долбоорду колдойм» деп айтканын билдирди.

Акыркы учурда сот системасы, аны менен катар атайын кызматтар мыйзамдуулукту сактабай, бийликтин буйругун аткарып калды. Ага бийликке каршы сүйлөп, терс пикирин билдирген саясатчыларга колдонулган чаралар, камоолор мисал болуп бере алат. Бүгүнкү күндө актуалдуу болуп турган бул маселени бирөө көтөрүп чыгышы керек болчу. Муну айткан саясат талдоочу Табылды Акеров Куловдун демилгесин туура деп бааларын билдирди.

-Болуп жаткан соттук, саясий процесстер ушундай демилгени көтөрүүгө түртүп жатат. Себеби, буга чейин да ар кандай саясатчылар жалаанын негизинде камалды. «Төңкөрүш жасаганга аракет кылды», деген айып менен кесилип, бирок эч кандай далили болбогондор бар. Анан дагы “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана Чотоновго кылмыш иштери ачылып, бүгүнкү күндө сот иштери жүрүп жатат. Бирок анда да толук тергөө жүрбөй эле ишти сотко өткөрүп жибергени көрүнүп турат.

Анткен менен Ар-Намыс партиясынын шайлоо алдында мынтип жандана түшкөнү адамды түрдүү ойго түртпөй койбойт. Бардык эле шайлоодон мурун бул сыяктуу кыймылдардын, иш-чаралардын көбөйүшү жаңылык деле эмес. Кулов да ошолор сыяктуу саясий потенциалын көтөрүү үчүн ушул жолду тандап алган болуусу мүмкүн. Азыркы учурда анын өзүнүн да, партиясынын дагы саясий деңгээли төмөн. Бирок ушундай аракеттер менен жогорулатып алуусу толук ыктымал, дейт юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев.

-Шайлоо башталган ушул сыяктуу демилгелер көбөйүп, уюмдар пайда болот. Саясатчылар азыр өзүнө көңүл бурдуруу менен саясий күчтөр биригип, бийликке жетүүнүн аракет кылып жатышат. Эгер аталган көйгөй аларды ойлондурса, буга чейин эле чыгыш керек болчу. Шайлоонун алдында пайда болуп жатканы адамды ойлондурбай койбойт.

Кулов өзүнүн долбоорун колдой турган талапкерлер болгону менен алардын атын атоодон баш тартты. Бөрүбашевдин оюнча, ага кызыктар болуп, колдоого ала тургандар азыркы учурда талапкелердин алдыңкы сабында турган Өмүрбек Бабанов менен Темир Сариев болушу мүмкүн.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 15-окутябрында президенттик шайлоо өтөт. Азыркы учурда Борбордук шайлоо комиссиясына талапкер болуу үчүн арыз жазгандардын саны 16 кишиге жетти.

Булак: maral.fm

Аргумент.kg
Жооп калтыруу