Ар дайым сулуу болуш үчүн кандай тамактануу керек?

Аптасына бир жолу жок дегенде жеп турчу азыктар топтому бар. Ал сиздин бир гана рационуңузду жакшыртпастан, териңиздин абалын сонун кылганга дагы жардам берет.

Эт

Биз ар дайым уйдун, койдун этин жеп көнгөнбүз. А бирок биз коёндун этин колдонгонду унутуп деле калабыз. Көрсө дал ошол коёндун этинин курамы белокко бай экен. Анын майлуулугу дагы аз. Муну менен бирге анын курамында B6, B12, PP витминдер бар.

Кызыл карагат

Кызыл карагаттын курамы калий, A P жана аскорбин кычкылына. Аны колдонуу менен сиз ашыкча шишиктен арылып, организмдеги ашыкча суулардан арылган болосуз.

Алча

Алча абдан пайдалуу жемиштин курамын толуктайт. Анын курамы дагы А, В1, В2, Е жана РР витаминдерге бай. Мындан сырткары, фтор, кальций, магний, темир жана йодго бай.

Сарымсак

Сарымсак азыгы табитти ачуучу касиетке ээ. Анын курамы ар кандай бактерияларга жана микробдорго каршы туруштук бере алат.

Анар

Анар жемишинин курамы дагы түрдүү витминдерге жана микроэлементтерге бай. Анын сөөгү рак оорулардын алдын алат.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу