Ар дайым ийгиликтүү инсан болууну кааласаңыз төмөндөгү 11 ыкманы аткарыңыз…

1 Арыздана берүүнү токтотуңуз

Арыздана бербей, жөн гана максатыңызды көздөй жол алыңыз. Эгер алдыга койгон максатыңыз бар болсо, каражат сөзсүз түрдө табылат.

2 Негатив жараткан адамдардан качыңыз

Эгер кимдир бирөөнүн айткан сөзү негативдүү ойлорду жаратып, сизди кыжалат кылса, аларды ойлоп токтоп калбаңыз. Анткени жашоо токтогон жок. Демек алга карай жылуу керек.

3 Саякаттаңыз

Саякатто менен сиз өзүңүздүн аң сезимиңизди, айлана-чөйрөгө дегеле жашоого болгон көз карашыңызды өзгөртө аласыз. Бул нерсе сиздин алдыга койгон максаттарыңыздын орундалышына жардам берет.

4 Сырткы келбетиңизге кам көрө билиңиз

Сырткы келбетиңизге кам көрүп, ар кандай жолугушуу, таанышууларга даяр болушуңуз керек. Балким дал ошол жолугушу, сиздин келечектеги жасоочу бизнесиңизге жардам берет же болбосо жашоодогу жарыңыз болуп калышы толук мүмкүн.

5 Катачылык кетирүүгө мүмкүнчүлүк бериңиз

Кетирген каталарыңыздан сабак алууну үйрөнүп, аларды кайра кайталабоого аракет жасаңыз.Эсиңизде болсун, кетирген каталарыңыздан алган тажрыйба, бул жашооңузду жакшыртуучу эң негизги тажрыйба экендигин унутпаңыз.

“Жок” деп айтууну үйрөнүңүз

Кимдир бирөөгө жөн гана жок деп айтуудан коркпоңуз. Эгер сизге тапшырылган нерсени жасагыңыз келбесе, жок деп айтыңыз. Мына ошондо гана өзүңүзгө болгон ишенимдүүлүк канчалык деңгээлде жогорулаганын байкай аласыз.

Чечкиндүү болуңуз

Бирөөнүн чечими менен жашабаңыз. Ар бир адамдын өзүнүн ой-пикири болушу керек. Эгер башкалардын ою менен жашасаңыз, “ээрчиме” деген атка конуп калышыңыз толук мүмкүн.

8 Коркунучтарды жеңе билиңиз

Коркунуч бул жөн гана иллюзия. Бардык коркунучтар бир гана биздин оюбузда. Аларды күрөшүп жеңүү оңой.

9 Өнөрүңүздү өркүндөтүңүз

Сиз эч кандай талантым жок деп ойлоп жатасызбы? Адашпаңыз. Өнөр ар бир адамда бар. Болгону аларды карап чыгуу керек.

10 Жоопкерчиликтүү болуңуз

Жоопкерчиликтүү адамдар ар дайым ийигиликке жете алат. Ошондуктан ар бир ишти аткарууда, жоопкерчиликтүү болууга аракеттениңиз.

11 Өткөңдү унутууну үйрөнүңүз

Ал нерсе жок. Өткөн учур артта калды. Сиз келечектеги жашоо менен өмүр сүрүүнү адатка айлантыңыз.

БУЛАК: yntymak.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу