Ар бир күнгө арналган 10 пайдалуу кеңеш…

Бүгүн окурмандарга күндө аткарып турууга пайдалуу 10 кеңешти сунуштамакчыбыз:

1. Биринчиден, эртең менен эрте ойгонуңуз. Анткени окумуштуулар эрте уктап, эрте ойгонгон адамдардын өмүрү узун болоорун мурун далилдеп коюшкан. Ошону менен катар эрте турган адамдардын иши да илгерилейт.

2. Экинчиден, эртең мененки тамакты тоюп жеп алыш керек. Себеби эртең мененки тамак менен биз бир күнгө күч кубат жыйнап алабыз. Эки бутерброд менен бир чыны кофе сизге тамак болбойт. Эртең мененки тамак болушунча тоюмдуу жана байытылган болсо, түшкү менен кечки тамакты жумуш күнүңүзгө карата ичесиз.

3. Эртең менен бир аз машыгуу жасап алганды унутпаңыз. Эртең мененки көнүгүү денеңизди чыныктырып, уйкуңузду ачат.

4. Тааныштарыңызга да, жөн көчөдө өтүп бара жаткандарга да күлүп, жылмайып жүрүңүз. Эч ким сизди «акмак» деп кабыл албайт. Тескерисинче, сизди күлүмсүрөп жүргөн жана «жашоосуна ыраазы адам» деп кабыл алат. Ал эми эркектерге күлүп жүргөн пайдалуу да экен. Себеби психологдор күлүмсүрөп жүргөн жигиттер келишимдүү болбосо да аялдарга көңүлү жок сулуу жигиттерге караганда көбүрөк жагары далилденген.

5. Белок көп кездешкен тамактарды жеп, таттуу менен холестерини бар тамакты аз жегенге аракет кылыңыз. Белок эт менен балыкта гана эмес, жер-жемиштер менен жумурткада да бар. Ошону менен катар, туздуу тамактардан да акырындап баш тартыңыз.

6. Тамак ичердин алдында ач карынга бир стакан суу ичүү кажет. Көптөгөн диетологдор сууну көп ичкен адамдар ооруканага эмделүүгө көп келбей тургандарын айышат. Ошондуктан сууну көп ичкендин пайдасын билсек болот.

7. Бардык жаңылыктардан кабардар болкп жүрүгө тырышыңыз. Ал сизге кажет болбосо да жаңылыктарды билген адам ар дайым жакшы маектеш жана ар бир жердин сүйүктүү коногу боло алат.

8. Күндө бир аз убактыңызды өзүңүзүн хоббиңизге бөлүңүз. Ал 1-2 саат сизге сыналгыдагы пайдасыз программа же жарнама көргөнүңүздөн алда кайда жакшы таасир берет. Эгер хоббиңиз болбосо, өзүңүзгө жаккан иш таап алып, күндө ошого бир аз убакыт бөлүп турууга аракет кылыңыз.

9.Күн сайын өзүңүздү жакшыртуудан талыкпаңыз. Узак болбосо да күндө китеп окуңуз. Анткени биз китеп окуп отуруп өзүбүздүн дүйнө таанымыбызды жетилдирип, эсте сактоо жөндөмүбүздү жакшыртабыз. Ошону менен бирге китеп маалыматтын булагы.

10. Уктар алдында таза абада сейилдеңиз. Балдарыңыз менен же итиңиз менен бир аз басып келсеңиз уктаардын алдында организмге көбурөөк кычкылтек жыйналат жана уйкуну келтирет. Жана ойгонгонуңузга жеңил болот.

Эгер ушул кеңештердин бир нечесин күндө аткарып турсаңыз, бир айдын ичинде сиздин өмүрүңүз өзгөргөрүштөр боло баштагынын байкайсыз. Албетте жалаң гана жакшы жакка карай өзгөрүштөр болуп турмакчы.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу