«Арык короз экениң»- деп жигиттердин намысына тийген Изат Айдаркулова турмушка чыкты…

Токтогулду сыздаткан Алымкандын сиңдиси, Жеңижок акындын балдызы. Айтыштагы төкмө кыздардан түзүлгөн «мафиянын» мүчөсү. Майра Керим кызындай чоң сахнада эркектерден кем калышпай, айтышып келген талантуу акын кызыбыз Изат Айдаркулова турмуш жолуна аттанды.

Акын кыз кайсы бир маегинде «Быйыл жакшы жаңылыктар менен жакындарымды кубантсам экен деп тилек кылып жатам»- деди эле тилеги аткарылып турмуш жолуна аттанып көпчүлүк ага бакыт каалап турган мезгил.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу