Арыктоо үчүн кышында ашкабакты көп пайдалаңыз!

Ашкабактын дарылык касиеттери Авиценанын жазмаларында да, Мухаммед Хусейн Шеразинин эмгектеринде да кездешет. Бул жазууларда керек болсо, ашкабак данынын майы кулак менен тамак оорусуна дары катары пайдаланылары, дене табы көтөрүлгөн адамдарга ашкабак ширеисиин шыпаасы туураулуу айтылат.

Ошол заманда көрүү жөндөмү начарлаганда, кан аздыктан кыйналганда, ашыкча салмактан арылгысы келгенде адамдар ашкабакты колдонушкан. Ошону менен бирге, ашкабак ашказан менен ичегидеги шлактан тазалап, зат алмашууну турукташтырат.

Ушундай дандардын курамында жүрөк жумушун калыбына келтире турган магнидин жетиштүү кору бар. Магний жүрөк булчуң эттеринин жумушун жакшыртып, ыргактуулуктун бузулусуна токоолдук жаратат. Окумуштуулар далилдегендей, холестериндин жогорку деңгээли жүрөк кан-тамыр ооруларын туудурат. Ал эми данектердин курамындагы фитостеролдар кандагы холестерин деңгээлин төмөндөтөт.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу