Арыктоонун алты жолу…

Диета кармоого эркиңиз жетпей жатабы? Спорт залга барууга да убакыт таппай отурсаңыз, көлдүн сезонуна азыртан даярдалыңыз. Арыктоонун алты жолу сизге пайдасын тийгизет.

1. Спирт ичимдиктеринен баш тартыңыз! 1 литр таза спиртте (96%) 7000 ккал бар. 100 гр кургак шарапта 56-70 ккал болот. Ал эми анын бир бокалында, такап айтканда, 250 граммда 140-170 ккал бар деген сөз. Ушундай майда нерселерди санай турган болсок, ашыкча майдын кайдан пайда болуп жатканына көз жеткиресиз.

2. Жөө басыңыз. Анын таасири мол. Бул өз кезегинде атайы арыктоо көнүгүүлөрү менен алектенген менен барабар.

3. Таттууга табитиңиз ачылса эт жеңиз! Майлуулугу аз сүзмө, тоок менен балык эти таттууну унутууга жарам берет.

4. Ар дайым кыймылда болуңуз! Өзгөчө, кеңседе күнү бою отургандар үчүн бул эрежени аткаруу маанилүү. Ар бир саат сайын кем дегенде бир жолу компьютер алдынан туруп, 5-10 мүнөт басып келиңиз. Кыймыл-аракетсиз отургандан көрө турганда, өзгөчө, кыймылдап, ары-бери басканда денедеги майдын эриши тез болот.

5. «Бир кашык» эрежесин карманыңыз! Тамак ичкенде табагыңыздын түбүнө бир кашык ашты жебей калтырып коюңуз. Болгону бир кашык. Антпесе сиз табактын түбүндө ошол бир кашык тамакты калтырбасаңыз, дагы экинчи табакты ичүүгө табитиңиз ачылып кетүүсү мүмкүн.

6. Жегиңиз келсе, суу ичиңиз! Тамакка табитиңиз ачла баштаса, дароо бир стакан суу ичип алыңыз. Бул ыкманын жардамы мол. Ошондой эле, күнүнө 2 литрдей суу ичүү керектигин эстен чыгарбаңыз.

Ушул кеңештерди аткарып жүрсөңүз, эч кандай диетасыз ашыкча салмактан арыласыз!

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу