Арыктоого эмне тоскоолдук жаратат?

Көптөгөн кыздар арыктоого түрдүү ыкмаларды пайдаланып, максатына жете албай жүрөт.

Эмнеге? Ар бир диетаны баштагандан мурда аны менен толук таанышып алуу керек.
Тактап айтканда, анын өзгөчөлүктөрү болот.
Сиз тандаган диетага катыштуу баардык үлгүлөрдү эске алыңыз. Ошондой эле, адатта, диетада эмне жеш керек экени гана айтылат. Ал эми эмне жегенге болбойт экени көңүлдөн сырткары калып калат. Ошондуктан, сиздерге арыктоого тоскоолдук жараткан тамактардын тизмегин сунуштайбыз:

Кант
Арыктаймын дегендерге эң алгач эле кант кошулган чай менен кофеден баш тартуу керек. Ошондой эле, пакеттеги ширелерди да унутпаш керек. Алардын курамында кант өтө көп.

Картошка

Организмге жалаң гана жаш, бышырылган же кайнатылган картошка пайдалуу.

Ун
Ундун жогорку сорттунан жасалган нан, токоч жана башка азыктарынан баш тартыңыз. Аларга: ак нан, токоч, булочка менен торттор кирет.

Ак күрүч

Анын курамында крахмал өтө көп болгондуктан, дене мүчөбүзгө зыяндуу болуп саналат. Күрүчтөн толугу менен баш тартуу керек эмес, болгону жумасына 1-2 порциядан ашырбоо керек. Анын ордуна күрөң күрүчтү тандаңыз. Себеби анын курамында пайдалуу элементтин баары калыбында сакталат.

Тез бышкан ботко, мюсли

«Тез даядалуучу эртең мененки тамактын» курамында пайдасыз көмүр суулар (углевод) бар. Ошондуктан курсагыңыз тез ачат.

Шорпо

Кайнатылган эттин, тоок этинин шорпосунун курамында холестерин өтө көп. Майлуу эт, чучук, сосиска, карбонат. Бул азыктар арыктоого тоскоолдук жаратуу менен бирге организмге терс таасир берет.

Шпрот, консерваланган тамактар, кургатылган балык. Бул тамактардын курамында май өтө көп болгондуктан, арыктоого жардам бербейт.

Сары май
Анын курамында калорий менен май көп. Бирок дарыгелер сары майдан толугу менен баш тартууга кеңеш бербейт. Анын курамында А, D, Е, РР витаминдери жана В тобунундагы витаминдер, майлуу кычкылдар, белок, көмүр суулар, кальций, калий, темир, магний, марганец, натрий, фосфор менен цинк бар. Бул сыяктуу пайдалуу элементтер бет, чач жана тырмак үчүн пайдалуу.

Майонез

Эгер майонезден баш тарта албасаңыз, үйдө колго жасап көрүңүз. Ал пайдалуу жана даамдуурак.

Кыртылдак картошка, кургатылган нан, туздуу жаңгактар менен “фаст фуд». Бул азыктардан баш тартуу- ар бир арыктагысы келген адамга коюлучу башкы талап. Себеби бул тамактардын курамындагы көмүр суулар менен май салмак кошуп, дене мүчөнү бузат.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу