Арыктоого жардам берген жыттар.

Арыктоого жыт да жардам берет. Жакында окумуштуулар арыктоого көп жардам берген жытты аныкташты. Ал-жылбыздын жыты болуп чыкты. Жалбыздын жыты табитти турукташтырып, адамдын калорияга керектөөсүн төмөндөтөт экен. Ошондой эле, маанайга таасири мол экени аныкталып жатат. Ашыча салмактан арылууга туура тамактануу менен физикалык машыгуулар көп жардамы тийет. Ал эми жыт аркылуу арыктоо кошумча бир жолу гана.

Окумуштуулар жүргүзгөн изилдөөгө келе турган болсок, жалбыздын жыты арыктоого бир топ эле жардам берерин айтууга болот. Алар арыктоо үчүн тажрыйбага катышкан аялдарды эки топко бөлгөн. Биринчи топко жалбыздын жыты аркылуу изилдөө жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында жалбыздын жыты аркылуу арыктоого аракет кылган топтун көрсөткүчү жогору болуп чыккан.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу