Арыктоого арналган шорпо…

Арыктоого арналган тоок шорпосу үчүн тоок майлуу болбош керек. Тоокту даярдаган кезде сыртындагы терисин алып таштоо керек. Көп адам тооктун терисин жегенди жакшы көрүшөт, бирок ал ашыкча салмактан арылууга тоскоолдук жаратат.

Майын, терисин алып салгандан кийин туураңыз. Этти жакшылап жууп, казанга салып, кайнатыңыз. Тоокту бүтүн эмес майдалап туурап кайнаткан оң. Ошондо ал дамдуурак болот.

Суу кайнагандан кийин этти сүзүп алыңыз. Диета үчүн шорпого кайрдан жаңы суу кошуш керек.

Жарым сааттан кийин шорпого жер-жемиштерден кошсо болот. Картошка, сабиз, пиязды туурап, шорпого кошуңуз.

Ошондой эле шорпого күрүч кошсоңуз да болот. Андай учурда картошка менен сабизди азыраак салыш керек.

Тузду адаттагыдан аз кошуңуз. Көк чөптөрдөн кошуп, дамдуу кылсаңыз да болот. Шорпонун курамында организмге пайдалуу витаминдер менен микроэлементтер көп кездешет.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу