Арыктоого арналган бал диетасы…

Дене мүчөсү сымбаттуу болуш үчүн физикалык машыгуу менен катар туура тамактануу керек. Көптөгөн адам диетаны тамактан баш тартуу менен чаташтырышат. Негизинде, диета дегенибиз — тамактануунун туруктуу тартиби.

Таттуу жана пайдалуу диетанын бирине бал диетасы кирет. Анын жардамы менен эки жумада 2-6 кг салмак таштоого болот. Ошондой эле бул диета организмге күч берип, сергектик тартуулайт. Себеби, балдын курамында организмге кубат берчү углеводдор бар.

Бал организмди сергитүү менен бирге, сырткы келбетке да жакшы таасир берет. Бал диетасын кармаган адамдын териси жумшарып, калыпка келе баштайт. Бирок, бул диетанын башкы шарты – күндөлүктү килокалорий 1200ден ашпаш керек.

Бал диетасынын эки түрү бар:

Диетанын биринчи түрү. Эртең менен жана уктаар алдында бал суусун ичүү керек. Аны даярдоо үчүн 1 аш кашык балды 100 мл сууга кошуп, аралаштырыңыз. Кааласаңыз лимон ширесин да кошсо болот. Эртең менен тамактанууга бир саат калганда жана уктаардын алдында эки саат мурун ичүү кажет. Кечинде бал суусун ичкенден кийин тамактанууга болбойт.

Диетанын экинчи түрү. Күн сайын табигый бал, эртең мененки тамакка алма жеңиз. 1 чай кашык бал, 150 грамм майы жок сүзмө менен 1 стакан лимон кошулган чай ичиш керек. Саат 11.00дө 125 грамм жемишти йогурт менен 1 стакан кычкыл шире ичип алыңыз. Түшкү тамакка кайнаган түстүү капуста, 200 гр кулпунай же алма жана бал кошулган чай ичиңиз. 17.00дө апельсин, алма же банан жеп алыңыз. Биринчи күнү кечки тамак ичсеңиз, кийинки күнү ичеңиз. Арада бир күндөн кийин кечки тамак ичип туруңуз. Биринчи күнү кечке 1 стакан айран менен бир чай кашык бал жеңиз. Үчүнчү күнү жашылча шорпосы, алма менен бал жеп алыңыз.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу