Археологдор коңуздун мумиясын табышты

Египетте археологдор тарыхта биринчи жолу коңуздун (көң коңузу) мумиясын табышты. Жаңы табылгалар арасында катырылган мышык, кобра жана аллигатор да бар. Аларга 6 миң жыл болушу ыктымал экени айтылууда. Бул тууралуу «The Guardian» басылмасы жазды.

Өлкөнүн байыркы иштер боюнча Жогорку кеңештин катчысы Мустафа Вазири 200дөй мумияланган коңуздун көмүлүшү уникалдуу экенин билдирди. Коңуздар табытка окшоп таштан жасалган буюмда, саркофагда сакталган. Анын биринде коңуздар биринин үстүнө бири тизилип коюлса, экинчисинде кездемеге оролгон эки чоң коңуз сакталган.

Курт-кумурсканын бул түрү байыркы Египетте бакыттын, ийгиликтин жана бакубаттыктын символу болгон. Коңуздан сырткары алтын жалатылган жана колодон мышыктын эстеликтери табылды.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу