Аруу: «Өз атамдан уулдуу болуп…»

Тагдырдын тамашасы түгөнбөйт тура…

Беш кыздын улуусумун. Апам 4 жыл мурда каза болгон. Апамдын күйүтүнөн кийин баарыбыз өзүбүздү жоготуп, көпкө кыйналдык. Айрыкча атам чыдабай ичимдикке алдырып кетти. Ошол убактарда жашоомдогу эң оор сыноолордун бири го деп ойлочумун. Көрсө, андайдын баары алдыда экен.

Апамдын каза болгонуна 2 жылдай болуп калган. Кыштын ызгаардуу суук күндөрүнүн бири. Атам кечке жок болгонунан дагы ичип алганго деп тынчсызданып, сиңдим экөөбүз сыртка издеп чыктык. Эки үй ар жагында бүрүшүп жатыптыр. Эптеп үйгө сүйрөп келдик. Ансыз да атамдын атамдын ичип келип койгон концерттеринен чочуркап калган бөбөктөрүм укпасын деп атамды четки үйгө сүйрөп бардык. Сиңдимди сен бөбөктөргө көз салып тур, атамды көрбөй эле коюшсун, мен эптеп уктатып чыгайын деп кичүүлөрүмдүн жанына жибердим. Өзүм болсо атамды дагы жорголоп көчөгө чыгып кетпесин уктап калганча карап турайын дегем. Ансыз да жол бою силер да чоңойдуңар, бойго жеттиңер деп какшап келген атам жаагы басылбай арманын төгүп кирди. Негедир апамдан башталган сөзүнүн мазмуну такыр башка жакка бурулуп, эркектин кыйналышы сыяктуу мага түшүнүксүз сөздөргө кептелди. Алгач мени кучактап кызым деп өпкүлөп жаткан атам, такыр мен ойлобогон аракеттерге өттү. Каршылык  кылып кыйкырганыма карабай, мени да түшүнчү деп эле, кийимимди чечип ишин жасап кирди. Каруулуу колдоруна күчүм жетпей, апаа деген бойдон жатып калдым. Өз жумушун бүтүрүп, эч нерсе менен иши жок барып жатып алды. Ошол түн мен үчүн эң каргашалуу деген түндөрдөн болду. Таң атканга чейин көз жашымды көл кылып, ыйлап отурдум.

Байкуш сиңдилерим менин абалымды көрүп коркушпасын деп эптеп өзүмдү жыйнаганга аракет кылдым. Эмне болду деп такып сурап жаткан сиңдиме да ооруп калыптырмын, апамды сагындым деп эле эптеп кутулуп жаттым. А атамчы… Өзүн күнөөлүү да сезип койбой, кечээ эч нерсе билбей мас болуп калыптырмын, капа кылсам көңүлүңөргө алабагыла дегенге араң жарады. Жүзүн көргүм келбесе да бөбөктөрүм үчүн чыдайын деп чечтим. Атамды башкага үйлөндүрүп коёлу десек, апаңды басып өтүппү демигш болуп, ага да макул болбойт.

Арадан бир жума өтпөй эле, мас болуп келген атам кайра мага асылып, жанагы кылыктарын кылайын деп жатканын байкадым. Эптеп кучагынан качып чыктым. Ошондо гана атамдан алыс бир жакка кетип калабасам кутулбайт окшойм деген ой келди. Акча салып турам, бир аз топтосом силерди да алып кетем деп эптеп сиңдимди көндүрүп, шаарга баса бердим.

Шаарга келип, жумушка орноштум. Атамдын жиндилигинен кутулдумго деп ойлогом. Аттиң, курсагымда түйүлдүк пайда болгон кеч билдим. Ошондо тагдырыма нааразы болуп, мындан артык эмне болсо да таң калбайм деп калдым. Ошентип кыйналып жүргөндө бир байке менен тааныштым. Менден 8 жашка улуу экен. Аябай камкор мамиле жасап, көңүлүмдү алганга аракет кылып жүрдү. Бир күн отуруп ага менин боюмда бар экенин айиып, жаңылыштык кылдым деп түшүндүрдүм. Ал мен карап алам, менин балам болот. Сиңдилериңди да чогуу чоңойтобуз деп баарына кайыл болуп мени кабыл алды.

Азыр балам бир жарым жаш болуп калды. Анын өз атамдан экени жалгыз менин сырым. Кантсе да атаңда деп, мен жерип турсамда болбой алкаш атама сый көрсөткөн жолдошум муну билсе чалкасынан кетсе керек. Бул сыр мени менен кошо көрүмө кетеби же дагы бир нерселер болуп кетеби анысын да билбейм.

Жаркын

Булак: NazarNews.kg

Бөлүшүү

Аргумент.kg
Жооп калтыруу