Аруулуктун жети эрежеси…

1.Кол тазалыгы

Бул деген сөз бирөөнүн ала жибин аттап, анын ашыкча буюмуна кол сунбоо.

2.Кулак тазалыгы

Ушак, ашыра мактануудан, жалган сүйлөө, каардануу жана адамдардын сөзүн тыңшоодон алыс болуу дегенди билдирет.

3.Көз тазалыгы

Көзүбүздү көрө албастыктан, кек сактоодон жана кызганычтан сактайлы.

4.Тил тазалыгы

Тилибизди жаман сөз, жүрөк ооруткан сөздөрдү айтуудан алыс туталы.

5.Кийим тазалыгы

Ар дайым кийимибизди таза кармап жүрүүгө ынтылалы

6.Ой тазалыгы

Жаман ойлорду ойлогондон алыс болуу. Ар дайым жаркын келечек үчүн позитивдүү ой жүгүртүү дегенди билдирет.

7.Жан дүйнө менен жүрөк тазалыгы

Руханий баалулуктарыбызды ар дайым жогору коюшубуз керек. Башкаларды сүйүп, кайра алардын сизди сүйүүсүн талап кылбаңыз.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу