Аруузат: «Мурунку күйөөмдүн көзүнө көрүнүп жашайм деп…»

Учурда жашоосуна жетиштүү материалдык байлык топтогондордун саны арбын. Базар экеномикасына өткөнү байлыкка жетип, оюндагы нерселерди аткарган жарандардын саны да көп. Ачыгын айтканда курсагы токтордун саны арбын, бирок бактылуу адамдардын саны аз. Анын себеби, адам баласы байыган сайын өзүмчүл болуп туугандардан, достордон, жакын адамдардан алыстап, жалгыздыкка ыктап калары да анык. Дүйнөсү түгөл болсо дагы, жашоосуна бир нерсе жетишпеген, жан дүйнөсү жарды, жашоосуна алымсынбаган жарандардын саны арбыды. Албетте буга ашыкча телефонго алаксыгандык, убакытты туура эмес пайдаланып, элге аралашпаган сапат себеп болуп жатканын моюнга албай келишет.

Минтип айткан сөзүбүз супсак болбош үчүн болгон окуяны мисал кылып кетүүнү туура таптым.

Өзүн Аруузат деп тааныштырган, жашы отуздун жетисине чыгып калган орто бойлуу, толугунан келген, ак жуумал келин арманын айтып баштады, көзүнө келген каканактаган жашын аарчып алып:

-Менде баары жетиштиүү. Турмушум бузулуп, бир кыздуу болгондон кийин күйөөм менен ажырашып кетип, ага көрүнүп жашаш үчүн соода тармагына өтүп кеткем. Азыр эл сыяктуу квартирам бар, иштеткен магазиним бар, барбаган жерим, көрбөгөн элим калбады.

Бирок менин көкүрөгүм жарды, эч ким менен катышым жок. Күйөөдөн катуу көңүлүм калган үчүн турмушка чыгуу мен үчүн жат нерсе. Курбу кыздарым турмушка чыкканы балага алаксып, өз күндөрүн көрүп, жолугушууга да келишпейт. Азыр менде баары бар, бирок жан дүнөм жарды. Жашоодон чарчап, эмне кыларымды билбей калдым. Телефондон да тажап, акыркы кездерде эч нерсеге көңүл чаппай, өмүрүм баркы жок өтүп жатканына арданам. Сүйүп тийген адамымдын мага жасаган мамилесинен кийин сүйүү дагы убактылуу экенин билип, андан дагы көңүлүм калып, учурда эмне кылышты билбейм. Сырдаша турган жакын адамым да жок. Анткени байлыкка берилген киши, эч кимге сыр ачкысы да келбей калат экен.

Кыскасы, баары жетиштүү, бирок жашоо мен үчүн супсак-деп, дагы көп нерсени айтпай жашырганы анын сырт келбетинен эле билинип турду. Сөзүнү аягында “мен бир кезде арык,  кымчал бел кыз элем, жалаң стресске түшкөн кезимде күчүмдү тамак жегенден чыгарып жатып толуп да кеттим” деп айткан кебинде да сыр катылып жатканын билдим.

Ооба, азыр ар бир адамдын көйгөйү бар. Анткени алар материалдык жактан жетиштүү болгону менен, жан дүйнөсү жарды болуп, жашоонун шаңы билинбей өтүп жаткандарына өкүнгөндөр ичинен сызып келишет. Бул ашыкча телефонго убакытты уурдаткандын бир себеби да болушу мүмкүн. Андыктан элге көрүнүш үчүн эмес, элге көмөк берип, элге аралашып жашаган жардам бериши толук мүмкүн. Айтылган кеп бар эмеспи “киши менен кишисиң, кишиден чыксаң кийиксиң” деп айтылгандай, жалгыздык адамдын аң сезимине доо кетирери да турган иш.Ушул жагын эске алган жөндүү.

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу