Арты мындай болот деп ким ойлоптур?

Бишкекте ичимдик менен коштолгон отуруш 38 жаштагы эркек кишинин өлүмү менен аяктады. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИББ) басма сөз кызматы билдирет.

Алынган маалымат боюнча, 14-январда эки эркек жана бир аял ичимдик ичип отурушкан, жөнөкөй отуруш барып чырга, андан соң мушташка айланган.

“Натыйжада эркек кишинин бири бөтөлкөлөшүн көкүрөгүнө, далысына бычак менен сайган. Жабырлануучу ооруканага бара жатканда каза болгон”,- деп айтылат маалыматта.

Аталган окуя боюнча милицияга билдирүү таңкы саат бештер чамасында түшкөн, окуя болгон жерге ыкчам-топ келген.

Аталган факты боюнча “адам өлтүрүү” менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө. Шектүү Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу