Артында Алмазбек Атамбаев турган кылымдын аферасы

Бишкек ТЭЦиндеги авария боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссия долбоор алдын ала ири көлөмдөгү коррупциялык максатты ишке ашыруу үчүн түзүлгөндүгүн, анын артында экс-президент Алмазбек Атамбаев болгондугун аныктоодо. Адатта бизде мамлекеттик мекемелердин бирине беш-алты эмерек, же эски автоунаа сатып алынса да тендер жарыяланып, анын бардык процедуралары сакталат. Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча долбоорго ачык тендер да жарыяланган эмес. 386 миллион доллардын тагдырын А.Атамбаев баш болгондор же А.Калиев, С.Авазов, С.Исаков төртөөсү эле чечип коюшкан.

2012-жылы 26-сентябрда Кытайдын СМЕС компаниясынын өкүлдөрү өкмөттүн, тийиштүү кызматтардын макулдугусуз ошо убактагы энергетика жана өнөр жай министри А.Шадиевдин гана макулдугу менен Бишкек ТЭЦ менен таанышып кетет да ошол жылы 28-ноябрда ал “Электр станциялары” ачык акционердик коомуна анын абалы боюнча техникалык катын жиберет. ТЭЦ ГЭСтердей эле стратегиялык обьектилерден болгондуктан ал Өкмөттүн, атайын кызматтардын макулдугу, көзөмөлү менен гана тааныштырылыш керек болсо, ал талап сакталбайт. 2012-жылдын 6-декабрында СМЕС менен “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун ортосунда кызматташуу боюнча келишим түзүлөт. Ал убакта ал акционердик коомдун жетекчиси Салайдин Авазов болгон. С.Авазов КРнын энергетика жана өнөр жай министрине Бишкек ТЭЦин модернизациялоого Кытайдын СМЕС, ТВЕА компаниялары, Россиянын “Интер РАОсу” катышууга ниеттенип жатышкандары, алардын ичинен ТВЕАга артыкчылык берилсе, ал Кытайдын “Эксимбанкы” аркылуу долбоорду каржылоого мүмкүнчүлүгү бар экендиги тууралуу кат жазат. Андан көп өтпөй ал ошондой эле мазмундагы катты КР Президентинин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы С.Исаковго жөнөтөт.

Өзүңүздөр билесиздер, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмү экономика, социалдык маселелер менен алектенбейт. Ал президенттин тышкы иштер министрлиги менен болгон байланышын, мамлекет башчысынын иш сапарларын канцелярдык жактан тейлөөчү гана түзүм болуп саналат. Бирок аны билип туруп, С.Авазовдун өзүнө түздөн түз жетекчилик кылган КР мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондуна же экономика, финансы министрликтерине, өкмөткө эмес, канцелярдык бөлүмгө кат жөнөткөндүгү түшүнүксүз.

Катты алары менен С.Исаков президент А.Атамбаевге Кытай тараптагылар менен кеңешип, долбоорду ишке ашырууга боло тургандыгына көзүм жетти, сиз колдосоңуз эле баары шыр кетет деген мааниде кат киргизет. Мында кошумчалай кетчү нерсе, азыр С.Исаков; “мен ал катты өз ыктыярым менен даярдаган эмесмин, президенттин тапшырмасын гана аткаргам» деп жатат. Тергөөнүн жүрүшүндө дагы эмнелерди айтат, аны убакыт көрсөтөт.

АША неге шаштырган?

Чоң акчанын жыты бурулдап келе баштагандыгын сезген АША андан аркы маселелерди чечкенге өкмөттү да, экономика, каржы министрликтерин да катыштырбайт. Жөн эле килейген “майлуу устуканды” эч ким менен бөлүшкүсү келбейт. ТЭЦти модернизациялоого байланышкан маселелердин бардыгын тар чөйрөдө же С.Авазов, С.Исаков, А.Калиев менен гана чечкенге өтөт. Же ал Өкмөттү кыйгатып, долбоорду тездетүү жөнүндө КР Энергетика жана өнөр жай министрине тапшырма берет. А.Калманбетов иштен алынып, анын ордуна бир айдай А.Калиев министрдин милдетин аткаруучу болуп калгандан кийин иш тездейт. 2013-жылы майда президенттик аппараттын тышкы саясат, финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүн башчылары С.Исаков менен Н.Ахметова ТВЕАга артыкчылык берүү жөнүндө А.Атамбаевге атайын кат жөнөтүшөт. Ага негиздемиш болуп, президент 2013-жылы 24-майда долбоор боюнча сунуш берүүнү А.Калиевге тапшырса, ал С.Авазов экөөсү ТВЕАга артыкчылык берүүнү жактап чыгышат.ТВЕА менен андан ары сүйлөшүүлөрдү А.Калиев, С.Исаков, С.Авазов үчөөсү жүргүзүшүп, анын негизинде 2013-жылдын 5-июлунда ТЭЦти модернизациялоонун баасы 386 миллион долларлык көлөмдө аныкталса, аны президент ошол күнү эле жактырат.

Өкмөт 2013-жылдын 8-июлунда ТВЕА менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзсө, ал ошол эле күнү “Электр станциялары менен ТВЕАнын ортосундагы макулдашууну жактыруу боюнча чечим чыгарат. Долбоорго 16-июлда ФУГИ макулдугун берет, ошол күнү долбоорду жүзөгө ашыруу жөнүндө “Электр станциялары” ААКсы менен ТВЕАнын ортосунда келишим түзүлөт. Ага Кыргыз тараптан С.Авазов кол коёт.

Долбоор тендерден да, эксперттик талдоодон да өтпөгөн

Адатта андай ири суммадагы долбоорлор бир нече жыл ар тараптан талданып, иликтенип, техникалык экономикалык негиздемеси ички, сырткы эксперттер тарабынан текшерилип, анан ачык айкындуулукта тендер аркылуу гана ишке ашырылса,ТЭЦти модернизациялоо боюнча 386 миллион долларлык долбоордун тагдыры аябагандай тездикте 2-3 айдын ичинде эле тар чөйрөдө чечилген. Анткени, анын артында мамлекет башчысы өзү турган. Мүмкүн, айрымдардын эстеринде бардыр долбоор жөнүндө маселе коомчулукта талкуулана баштаганда энергетика тармагындагы тажрыйбалуу жетекчилердин, адистердин көпчүлүгү алмаштырылган. Ал эми аны аткарууга келгенде О.Артыкбаев да министрликтен четтетилип, анын ордуна бир нече ай К.Турдубаев деген жетекчи болуп туруп, анан министрлик биротоло жоюлуп, “Энергохолдингге” айландырылып, тармак толугу менен АШАнын күйөө баласы, Максимдин мурдагы кагаз ташыгычы Айбек Калиевге өткөрүлүп берилген. Анан жогорудагы төртөөсү билгендерин жасашкан: жалпы баасы 50 долларга жетпеген кычкачтардын комплектиси — 600, 40-50 миң сомдук видео жабдуулар 14-15 миң доллардан, 50 миң долларлык лифтер 350-400 миң доллардан сатылып алынды делинип, кредиттик каражаттарды талоо башталган. Ошентип сатылып алынды делген жабдуулардын көлөмүн 164 миллион долларга жеткиришсе, аткарылган иштер деген шылтоо менен 220 миллион долларды чыгымдашкан. Бирок 386 млн. доллар жумшалып, модернизацияланды делген ТЭЦ биринчи кыштагы суукка да чыдабай аварияга учурап, коррупциялык былыктардын баарын ашкерелеп салды. 2012-2013-жылдын кышкы сезонунда андан катуу болгондо деле Бишкектин ТЭЦинде жылуулук берүү үзгүлтүккө учурабагандыгын жакшы билесиздер. Көрсө, кудай урган жегичтер ТЭЦти оңдобой эле ойронун чыгарып салышкан экен! Аны мамлекетке каршы жасалган диверсия катарында бааласа туура болот.

АША “мушкетёрлорун” кантип алкаган

АШАнын буйрутмаларын аткарып, кредиттик каражаттардын 100 миллиондой долларын кайсап салышкандардын кийинки тагдырлары да кызыктуу. Долбоор ишке ашырыла баштаганда С.Исаков АШАнын оң колуна айланды, ал тууралуу экс-президент бир нече жолу өзү айтып, чет өлкөлөрдүн мамлекет башчыларына да мактап жүрдү. Анан ал президенттик аппаратты жетектеди, өкмөт башчысы болду. ТВЕАны жактагандардын бири Н.Ахмедова 10 миң долларлык айлык менен Кыргыз-Орус фондусун жетектеди, азыр президенттик аппараттын бөлүм башчысы. Кылымдын аферасынын башында тургандардын бири — Айбек Калиев камакка алынгыча (бир айды эске албаганда) Энергохолдингди жетектеп келди. Аферада эң чоң роль ойногон С.Авазовду шаардык кеңештин депутаттарын эки жолу таркатып, көтөн зордукка салып отуруп, Жалал-Абадка мэр кылып шайлашты эле, буйруган жери башка экен, жакында абакка келип отурду. Ал эми жолдо-белде кошулган майда-чүйдөлөр тууралуу айткыбыз да келбейт. Долбоор боюнча негизги күнөкөрлөр жогорудагы төртөөсү болуп саналат. Калгандары өз алдыларынча эч нерсе да чече алышкан эмес.

Аферанын кесепеттери

“Мушкетёрлор” Россиянын “Интер РАОсун” четке түртүп салышкандан кийин ага өчөшүп, “РусГидро” жогорку Нарын каскадын кура албай тургандыгын билдирди. “Русгидро” Кыргыз жетекчилигине нааразы болгон Орус өкмөтүнүн тымызын буйрутмасын гана аткаргандыгын, чындыгында анын жетекчилигинин долбоорду аягына чыгаруу ниети болгондугун жакында Россиянын бир ЖМКсы маалымдады. Ушул эле себептен Жерүй боюнча “Востокгеодобыча” менен түзүлгөн келишим да үзгүлтүккө учураганы турат. Россиянын өкмөтү жакшылыкты билбеген Кыргыз Өкмөтүнө чындап нааразы болуп калгандай.

386 миллион доллар жумшалды делген менен Бишкек ТЭЦинде элди жылуулук менен камсыздоо жакшырбады, электр энергияларын чыгаруу убада кылышкандай көбөйбөдү. Кредиттик каражаттар түпсүз чөнтөктөргө кетип, эл, мамлекет алданган бойдон калды. Эми 386 миллион долларга жылда кошулчу 8 миллион долларлык үстөктөрүн кошуп, ырайымсыз таланып, тонолуп, секелек кыздай  зордукталган бечара эл төлөйт.  Жоо куугандай шаштырып, афералык долбоорду 2-3 айда кол коюуга жеткирген АША, анын тойбос “бандасынын” мүчөлөрү керт баштары менен жооп берүүлөрү керек!  С.Исаков, Н.Ахметовага окшогондор ИВСтеги коллегаларынын жанына отургузулуп, экс-президент кол тийбестиктен, персоналдык пенсиядан ажыратылуусу зарыл! АШАны, анын шайкасын Кыргызстандыктардын ушунча бакканы деле жетишет! Алардын жеп-ичкендери сөзсүз кустурулуусу керек!

Булак: NazarNews.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу