Артыкбаев актанып бүтпөй абакка кирди.

Гезитибиздин өткөн санында Осмонбек Артыкбаевге эмне үчүн кылмыш иши козголбойт деп суроо койсок, эртеси күнү Артыкбаев өзү телефон чалып «Силер эмне себептен мага кылмыш иши козголбой жатат деп жазасыңар? Бир билгениңер барбы? Сапар Исаковго бир нерсеси бар үчүн кылмыш иши козголду да. Мен таза болсом кантип кылмыш иш козголмок эле…» деп көп сөздү айтып актанып алды эле.

Ал өзүн 386 млн долларга аралашпаган «ак карга» экенин далилдегиче коррупция беренеси менен кылмыш иши козголуп, ошол күнү эле абакка кирип кетти. Эми ак экенин ошол жакта жатып, тергөөчүгө айтып актана турган болду. Парламентте «Жогор жакта буйрук бергендер камалышы керек» деп жарылды эле, тергөөдө буйрук бергендерди дүңүнөн сатып көрсөтмө берсе, анын айтканы түз эле АШАга барып такалганы туру.

Булак: Жаңы ОРДО

Аргумент.kg
Жооп калтыруу