Артур Медетбеков, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары: “Президент эң туура жол менен бара жатат, коррупцияга каршы күрөштө саясий мотив жок”

— Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштө досун да, бир тууганын да аябай турганын айтып, бул багытта чечкиндүү кадамдар жасаларын билдирген. Учурда паракорчулукка айыпталган 20дай экс-чиновниктер камакка алынды. Сиз бул аракеттерди кандай баалайсыз?

— Президент Жээнбековдун коррупцияга каршы жүргүзүп жаткан саясаты абдан актуалдуу. Анткени паракорчулук учурдун негизги көйгөйү. Жакшылап казып көрсөк, бир эле ТЭЦте эмес, башка тармактардан дагы чет элдик гранттар, кредиттер боюнча толгон-токой кыңыр иштер чыгат. Менимче азыр президент эң туура жол менен бара жатат, тиешелүү кызматтар дагы аны колдоого алууда. Андыктан, азыр жөн гана оппоненттерге каршы күрөш деп айтууга болбойт.

— 6 жыл бою экс-президент Алмазбек Атамбаевдин калкалоосу менен кызматка көтөрүлүп келген Райым Матраимовдун ысымы көбүрөөк айтыла баштады. Муну айрымдар “кол тийгис адам” катары да сыпаттап жиберди. Чын эле Кыргызстанда кол тийгис адамдар барбы?

— Коомдо жана ЖМКларда көп айтылып жүргөн Райым Матраимовго токтолсок, бийлик ага атайылап тийбей жатат деп ойлобойм. Аны бир дагы орган иликтөөгө алып, күнөөсүн далилдей элек. Негизи Матраимов болобу, андан башка бирөөбү, күнөөсү болсо эч нерсеге карабай мыйзам алдында жооп бериши керек.

Булак: Sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу