Артем Новиковдун кыргыз тили үчүн бюджет жылына 324 миң сом коротот

КРнын Экономикалык өнүктүрүү министрлиги мамлекеттик тилди үйрөтүүчү репититор үчүн 324 миң сом бюджеттен сураган. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтынан маалым болду.

Андагы маалыматка ылайык, министрликтин кызматкерлери үчүн 288 миң сом жана жетекчиликти жеке окутуу үчүн 36 миң сом каралыптыр.  Демек, Өкмөт башчы Сапар Исаков министрлер кабинетин бекитип жатканда “Экономика министри Артем Новиковго кыргыз тилин үйрөтөбүз” деп бекер айткан эмес экен. Бийликтин эрке министри кыргыз тилин үйрөнүшү үчүн өлкө жарандарынын таман акы, маңдай теринен чогулган салыктар кызмат кылышы керек тура. Болбосо мындай бюджетти коротуп отурбай эле кыргыз тилдүү мыкты кадрларды деле министр кылсак болмок…

Учурда соцтармактарда бул боюнча катуу нааразычылыктар жаралууда. “Эгер өкмөт Артем Новиковдун кыргыз тилин үйрөнүшү үчүн айына 30 миң сомдон төлөп бере турган болсо, анда башка жарандардын да орус, англис тилдерди үйрөнүүсү үчүн каражат бөлсүн” деген пикирлер жамгырдай жаап турган кези.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу