Арстан Алай, «Эл үчүн» партиясынын төрагасы: «Шайлоодо 4 миллиондон 8 миллион долларга чейин каражат чачууну максат кылдым»

Бу инсан таңгалаарлыктай жүрүштөрү аркылуу элдин көңүлүн өзүнө буруп турмайы бар. Маал- маалы менен. Анан калса, мындай катмардагы эл көзүндөгү  агаларыбыздын президенттик шайлоо алдында «чымындары ойгоно» баштайт эмеспи. Коомчулук эрикпесин да.

-Арстан мырза, президенттикке кайрадан аттанып жаткан турбайсызбы? Талапкерлер үчүн күрөөгө коюлчу акчанын көлөмү көбөйгөнүн билесиз да. Сиз канча миллионду камдап туруп, аламанга аттанууну чечтиңиз? Дегеле бул жарыш үчүн канча каражаттыңызды садага чапканы турасыз?

-Мен азыр 4 миллион долларымды нак камдап турам.Бирок. шарт-ыңгайга жараша 8 миллин долларга чейин каражатты ушул тапта чыгарып койгонго күчүм жетет. Ушунча каражат коротууну самап турам. Бирок, менин президенттикке аттанып жатканымдын чыныгы максаты кыйла каражат чачууда деле эмес. Өзүнөр билесиңер, бүгүнкү күндөгү бийлик эгер туура саясат жүргузүп, багыт көрсөткөн диндери туура болгон болсо, анда ар бир үйдө ата менен бала соттошпойт эле. Суицид деген балээ пайда болбой, өлүм-житим көбөйбөйт эле. Сирияга адамдар качпайт болчу. Эл ишенген адамдардын, башчыларыбыздын, депутаттардын ыркы кетмек эмес. Азыр карагылачы, үй-бүлөдө ырк кетип жатат. Мунун баары, албетте туура эмес. Менин президенттикке баратканымдын себеби, азыр эволюция менен  адамдын жаралуусунун бир доору бүттү. Кыргыз элинин жан дүйнөсү ааламга жарактуу жөнөкөй болгондуктан, азыр жаңы доордо жашоо эрежелеринин жол жобосу түшкөн. Мына ушундай көрүнүштү жеткирүу үчүн  президенттикке талапкерлигимди коюп жатам. Азыр аалам жерге түштү, аба коюлду, инопланетяндардын белгилери бар да азыр. Адам абаны аргасыз дем алганда, андан адам өсө албай, чоң энергия болгондуктан алардын каалоосун аткара албай жатат.Жыйынтыгында адамды шишик, псих кылып, рак, кыскасы адамдын денесин чиритип, кан менен айланган организмдин өчүрүп, аң-сезимди паска түшүрүп, эмоцияга өткөрүп жатат. Мына ошол келечектин мыйзамын билген адам катары аламан жарышка аттандым.

-Жарыктык киши ай, мындай максат менен жарышта марага караандабай да кааласыз да. Ушуну эмнеге тушүнбөйсүз ыя? Же эмне утушка ээ болгн жатасызбы?

-«Өтөмүн»  деп таккесе кара күч менен айта албайм албетте. Бирок, мен айткан мыйзам эртедир-кечтир жыл айланабы, балким эки жылдан кийинби, баары бир аткарылат. Анан кыргыз өлкөсү биринчи бутка турат. Баягы Ленин дагы бир системаны киргизип, дүйно көтөрүлгөн сыңары. Улуу маданият менен өнүгүү аркылуу кыргыз эли алгачкы ирет бутка турат. Анткени, кыргыз журтунун жан -дүйносү ошого жарактуу. Азыр биз ааламдык түшүнүккө өтүш керек болуп жатат. Кыргыздын кан жанында азыркы депутаттар сымал жалган айтпаган улуулук сыпат бар да. Керек болсо кыргыздын ушундай сапаты менен дүно түптөлт. Бул боюнча атайын ааламдык сүрөттөр да бар. Менин эң негизги таянаарым кыргыз журтунун касиети.

-Талапкер шайлоо жарышында бири шоу уюштурса, дагы бирлери акча таратып, айрымдары башкача ыкма аркылуу көпчүлүктүн добушун алуу үчүн ар кандай жолдор менен элди тартат эмеспи. Сиз бул жолу » Зима не будет» деген өңдүү өзгөчө таңгалаарлыктай жүрүшүнүз менен элди тартасызбы?

-Асманда кудайдын унчукпас, кечиримдүү, ою менен башкарган, ойго салган сыпаты болот го? Ансыңарындай, мен оюм менен кыргыз журтун жаратып жатам. Мээрим төгүп, уруулуктан алыстап, түштөр өзгөрүлүп, көңүлдөр көтөрүлүп жакшылыктан үмүт пайда болот. Айрым телеканалдардан мен бир жылдык келишим менен атайын убакыт алгам. Ошол теле-  берүүм менен элчилик аркылууу элди ойготом. Мен аябай ишеничтемин, Акаевди, Бакиевди эл жаман дешкенднри менен азыр ааламдык күчтөр ушул күндү көрсөтүшкөн. Андыктан, кыргыз башынан акаевдик,бакиевдик доорлорду көрүшпөсө ойгонушпайт эле. Жакында мен дүнөгө пресс-конференция берем. АКШ табийгатты, Россия адамзатты сактоо үчүн күрөшсө, кыргыз ааламды сактоо үчүн күрөшүш керек деген тейде азыр дүйнөлөшүү болору боюнча пресс-конференция бергенге аракет кылып жатам.

Булак: » Азия Ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу