Арсен, ырчы: «Бегайым мени акылдуулугу менен арбады…»

Мен 29 жашымда үйлөндүм. Жаш өткөн сайын оңой менен кыз жакпай калат деген чын экен. Бирок мага сүйүүсүн арнаган, жүрөгүмдү багындырган кызды жолуктурган тагдырыма ыраазымын. Анткени мен өзүм деле анчалык романтик, кыз жандуу эмесмин. Бирок Бегайым акылдуулугу, жөнөкөйлүгү, тарбиялуулугу, жашоого болгон көз карашы менен көзгө илинип, үйлөнүүгө мажбур кылды. Кудайга шүгүр, адашпапмын, келинчегим жакшы чыгып жакам агарып, апама ысык чайын сунуп мени кубандырып жатат. Эркектин бир бактысы — аял деген сөздүн маанисин эми түшүнүп жатам. Менден 7 жашка кичүү болсо да турмуштук тажрыйбасы мол. Мен билбегенди айтып кеңеш берип келет. Кесиби таптакыр башка тармакта болсо да менин чыгармачылыгымды дайыма колдоп турат. Бегайым Кеминдин кызы, төрт бир туугандын улуусу. Виртуалдуу жашоодон таанышып, чыныгы турмушта бирге жашап жатабыз.

БУЛАК: Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу