Аркы айылда да жок, берки айылда да жок. Алар каякта?

Жогорку Кеңештин депутаттары негизи мыйзам боюнча 30-июндан кийин эл аралап, элдин абалын, арыз-муңун сурап дегендей эл менен жолугушмак. Ал үчүн июль айында аларга казынадан кадимкидей эле иш үстүндө жүргөндөй айлык-маяналары сакталат. Анан барып августь айында эс алуу өргүүсүнө чыгышмак. Бирок, бир же экөөсүн эсептебегенде бири да өлкөнү кыдырып, эл менен жолугушуу өткөрүп жүргөндөрүн көрө албадык. Деги алар кайда?

Азыр коомчулук арасында бийликтин үч бутагынын ичинен элге эң жек көрүн­дү болуп жатканы бул-акыркы чакыры­ктагы азыркы парламент. Алар балким арданаар, бирок, чындык ушундай…

“Чү!” дегенде эле ээрге кыйшак ол­турган бул парламент. Анткенге түрткү болгон “ахала-махалай” болуп жазыл­ган жаңы Баш мыйзам алардын убалына калды. Ошол Баш мыйзамдын негизин­де баягы эле уурулук менен акча топто­гондор, кыргыздын убалына калгандар “партия” деген кландык топторду түзө коюшуп, депутаттык мандатка атта­нышып, үзөңгүгө бут салааррда эле ба­смайылдары бошоп калган. Анын эң не­гизки себеби-парламенттик фракциялар саясатын чыныгы табиятына ылайык эмес, жасалма түрдө куралганында. Шайлоого чейин саясат майданында мисалы, “Бир Бол” же “Кыргызстан” пар­тиялары элдин көйгөйүнө жараша эч бир иш жасашкан эмес. Бул топтордун партия деген эле аты болгон. Азыр “Ата- Журт” дегенди учкаштырып алган “Ре­спублика” деле бир жылдын аралыгында түзүлгөн. Партия аталып, жылдап анын ысыгы менен суугуна тоңуп көргөн эмес булар. Анан акчанын күчү менен эң ый­ык, даражасы чоң парламентке кирип келишти. Кыскасы, наристе төрөлөөр замат чуркап кеткендей эле кеп бол­ду.

Адатта, парламенттик башкаруусу бар өлкөлөрдө оболу саясий партиялар жылдап коомдун кызыкчылыгы үчүн күрөш жүргүзүшүп, калктын катмарына акчанын күчү менен эмес, таза идея­сы менен кадыр баркка ээ болуп, анан бийликке умтулушат. Деги эле бүгүнкү парламенттин курамында кимдер гана жок? Жалпы коом үчүн куурай сынды­рышпай, учурда канчалары бүгүн бүт өлкөгө акыл айтып жүрүшөт. Ашка жүк, башка жүк болушуп! Кээ бирлери али­гиге чейин өздөрүнүн дарбазасы кайсы экенин билбеген “эл өкүлдөрү” да жок эмес. Кезинде саясий философияны че­мичкедей чаккан франциялык Шарль де Монтескье “Мыйзамдардын духу” деген фундементалдуу эмгегин жазып, анын ошол эмгегинин негизинде дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө бийлик бутак­тары бири-биринен ажыратылган. Ал эми биздин “кыргыз Монтеськелери” тескерисинче коррупциялык механизм менен бийлик бутактарын бири-бири­не чырмап салышты.

Баарын өзүмө ың­гайлаштырып алам деген ниет менен жазылгандай ошол Башкы мыйзамдын айынан айланып барып акыры ал ара­кет Жогорку Кеңешке көлөкө түшүрдү. Акырында, парламентаризим инстуту өсмөк турсун анын пародиясына айла­нып, ушундай ач көздүк, мансапкорлук идея менен түзүлгөн система, (азыркы парламент дегеним) дарганын кылтагы­на өздөрү моюн салып келе жатат. Ант­пей да да кое албайт. Себеби, бүгүнкүдөй курам менен парламентаризим инстуту­тунун өнүгүшү өтө ишенимсиз. Ал тур­гай мүмкүн эмес дагы окшойт.

Кенжебек АРЫКБАЕВ

Булак: «Айгай»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу