Арбактардын ырыскысына кол салган М.Мискенбаевди Апрель баатырлары да камакка алууну талап кылууда .

Апрель окуясына жамынып акча жасап, ар кайсы мамлекеттик ишканалардан келген ири суммадагы “гуманитардык жардамдардын” дайынын чыгарбай кеткен Мээрбек Мискенбаев деген шылуунга кылмыш иши козголду. Ага “Кыргызкөмүр” ишканасы берген 2,1 млн. сомдук көмүрдү “жеп койгон” деген айып тагылууда. Бирок, апрель баатырлары бул Мискенбаевдин кыңыр иштеринин чети гана экенин айтып, далай документтерди көтөрүп укук коргоо органдарынын эшигин каккылап жүрөт. Мээрбек болсо адатынча түз эле эң жогорку жетекчилерге асылып, аны саясий куугунтук катары баалап, адатынча беттырмактыгын баштады. Ошентсе да бир катар апрель баатырлары Мискенбаевдин айыбын ашкерелеп, аны тез арада камакка алууну талап кылууда. Маселен, белгилүү укук коргоочу, Апрель окуясынын активдүү катышуучусу Качкын Булатов болсо мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушундагы бийлик да, апрель окуясынын катышуучулары жана алардын жакындары түзгөн уюмдар да бири-бирин пайдаланган учурлар болгонуна “Азаттык” үналгысына берген мегинде токтолгон. Ал Мискенбаевдин башка иштери да бар экенин кошумчалаган. “2010-жылдан кийин бийлик башчылары тарапкерлерин, көз караштары бир болгондордун баарын карабай, «Айкөл Ала-Тоо», «Мекен шейиттери», «Апрель баатырлары» деп, аларга аябай көңүл буруп, кимдир-бирөөлөргө каршы күч кылып түзүшкөн. Алар да жөн турбай, бийликтен колдоо алгандан кийин өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөп, жалган баатыр кылып, үй, акча ала башташты. «Айкөл Ала-Тоодо» Мискенбаевден башка дагы жеп-ичкендер бар. Алардын баары чыгат”, — дейт ал. Ал эми апрель баатыры, Ыңкылапты коргоо кыймылынын төрагасы Таалайбек Айдаров Мискенбаевге каршы козголгон кылмыш иште кыпындай да саясат жок экенине токтолду. “Муну эч ким саясий куугунтук деп баалабашы керек. Кылмыш ишинин козголушу туура эле. Бөлүнгөн акча, бөлүнгөн көмүр каякка кеткени тууралуу, мыйзамсыз берилген үйлөр боюнча Мискенбаев толугу менен «Айкөл Ала-Тоонун», апрель баатырларынын астында жооп бериши керек. Мына азыр эми убактысы келди”, — дейт Айдаров. Самат Көчкөнбаев аттуу апрель баатыры Мискенбаевди тез арада камакка алууну талап кылууда. Анын пикиринде Мээрбек “Кумтөр” бөлгөн акчаны да жеп койгон. “Мээрбек Мискенбаев менен анын орун басары Амантур Жамгырчиев деген немелер апрель баатырларынын атына жамынып далай ишканаларга, фирмаларга тилемчилик кылган. Алардан “апрель окуясынан жабыр тарткандарга жардам бергиле” деп акча алган. Бирок, анын биринин да дайыны жок. Өздөрү жеп алган. Бул фактыларды да иликтеп чыгыш керек. Мисалы, “Кумтөрдөн” алганы чын”, — дейт ал. Кыскасы, “саясий куугунтук” деп кыйкырып чыккан Мискенбаевдин оозун катарында жүргөн адамдар эле жаап, анын калпын ашкере кылууда. Кара мүртөз, куу тумшук, эки жүздүү мындай адамдар катаал жазага тартылганда гана коом оңолот. Андыктан бирөөнүн акысын жеп, болгондо да шейит кеткендердин жетим-жесирлеринин ырыскысына кол салган Мискенбаевди канчалык айкырса да жоопко таруу керек. Ал саясатка байлап жоопкерчиликтен кутулуп кете албайт.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу