Аптаптуу ысыкта эмне жейбиз?

Жайында абанын температурасы көтөрүлүшү менен бирге, бардык жаштагы адамдарга арналган негизги керектөөлөр өзгөрөт. Аба ысыгандан баштап суюктукту көп ичип, жеп жаткан тамак-ашка өзгөртүү киргизүү керек.

Жайында өзгөчө балдар жана наристелердин тамактануусу жана диетасындагы бул маселелни чечүүнүн жакшы жолу- суюктуктар менен минералдарга деген кажетүүлүктү канааттандыруу.

0-6 ай арасындагы бөбөктөр үчүн эненин сүтү жетиштүү болсо, суу берүүнүн кереги жок. Ал эми кошумча тамактанууга өткөн балдар үчүн суюктукту эне сүтү жана суюк тамактар менен толукташ керек.

Чоңдор үчүн күнүнө 2 литр суу түгөтүү кажет. Температуранын жогорулашы менен суунун да көлөмү жогорулайт, ошондуктан 2,5-3 литр суюктук ичүү пайдалуу. Кофе жана чай организмге суюктук менен камсыз кылганы менен, ошол эле маалда зааранын бөлүнүп чынышына алып келип, суюктукту жоготот. Ошол себептен суюктукка болгон керектөөнү канааттандыруу үчүн суу менен бирге айран, күндө эң аз дегенде жаңы сыгылган шире ичиңиз.

Аптаптуу ысыкта: метоболизм, жүрөктүн согушу тездеп, организмге аба жетпей, мындан улам кан басым көтөрүлүп, жүрөктүн ишемиялык оорулары күчөйт. Мындан сырткары, организмде суюктук азайганда баштын айлануусу, эстен танып калуу, алсыздык байкалат. Чамадан сырткары температура тамак-аштан уулануу коркунучу туулуп, кээ бир микроорганизмдердин көбөйүсүнө алып келет. Ошондуктан жеп жаткан тамак-ашыңызга 2 эсе көңүл бөлүңуз. Өзгөчө жумуртка, тоок,эт, индюк, балык, сыяктуу азыктардын сактоо температурасы өтө маанилүү.

Эртең мененки тамактан баш тартпаңыз

Күн эртең мененки тамак менен башталыш керек. Эртең менен тамакка жумуртка, зейтин, жер-жемиштер, сүт, чөп чайлар, нан жеңиз.

Куурулган тамактардан алыс болуңуз; грилде бышка, меште жана духовкада кызарып бышкан тамактар.

Витамин жана минералдар менен организмди камсыз кылыш үчүн мөмө жана жер жемиштерди жеңиз.

Эт, тоок эти, балык сыяктуу белокко бай тамак-аштар түшкү тамакта колдонуңуз.

Кечки тамакка жемиштер, салат, сорпо ичиңиз.

Кечки тамак 18.30 жана 20.30 убакыт аралыгында ичүү кажет.

Балмуздак жай айы үчүн эң сонун татуу болуп саналат. Бирок көп жеп албаңыз. Ундан жасалган жана ар түрдүү татуулардан алыс болуңуз. Алардын ордуна сүттөн жасалгандарды жана мөмө жемиштерди тандаңыз.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу