“Апрель” телеканалы АШАны неге интервьюга чакырбайт?

Кече жакындан бери гана ишмердүүлүгүн жүргүзө баштаган “Апрель ТВ” аттуу телеканал өзүнүн бир жактуулугу менен таанымал болуп калбадыбы. Бул телеканалдын негиздөөчүсү экс-президент Алмазбек Атамбаев экени да белгилүү. Андыктан анда эмнелер көрсөтүлүп, эмнелер көрсөтүлбөшү керектигин, маалымат кандай жагынан берилиши кажет экенин экс-президент өзү чечет. Ал үчүн бул багыттагы ишмердүүлүктү албетте бүгүнкү күндө Фарид Ниязов жүргүзүп атканы да белгилүү. Ал эми аталган телеканалдын расмий башкы директору Дмитрий Ложников аттуу жарым-жартылай журналист, жарым-жартылай ишкер мырза экенин билебиз. Ошол Д. Ложников жакында эле “Апрель тв” телеканалынын эфиринен президент Сооронбай Жээнбековду интервью берүүгө чакырды. “Каалаган убагыңызда, каалаган жериңизде келип интервью берсеңиз болот, башка мамлекеттик чиновниктерге үлгү болуп берсеңиз” дейт Ложников. Албетте, журналист же кандай гана ММК булагы болбосун президенттен интервью алгысы келет. Андан эч ким кынтык издегиси келбейт. Бирок, “Апрель тв” телеканалы президент С. Жээнбековдон интервью алаардан мурун өздөрүнүн кожоюну, экс-президент А. Атамбаевден интервью алып коюшса жакшы болмок. Себеби, бүгүнкү күндө коомчулук тарабынан экс-президентке жолдоно турган суроолор өтө арбын болуп турат. Мына ошол суроолорго жооп кандай боло турганы өтө кызык. Мисалы, төмөндөгүдөй суроолор: 1. Алмазбек Шаршенович, сиз мамлекетти башкарып турган алты жылдын ичинде шоопуруңуз, жансакчыларыңыз, катчы кыздарыңыз үлкөн чиновниктерге айланды. Эмнеге сиз үй-бүлөлүк башкарууну жыйыгүштырдык деп туруп, жалаң өзүңүздүн мурдагы техникалык кызматкерлериңизди жогорку кызматтарга алып келдиңиз? Мамлекетти башкаруу ошончолук оңой жумуш деп эсептейсизби? 2. Ошол мурдагы жансакчыларыңыздын биринин жогорку билимдүү экендигин тастыктаган диплому жасалма болуп чыкты. Бул үчүн сиз уялган жоксузбу? 3. Коррупцияга каршы күрөшүп аткандай эле болгонсуз. Бирок, сиздин убагыңызда жүзөгө ашкан жана башталган долбоорлордун баарында ири коррупция жойлоп кеткени билинип калды. Мисалы, Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо, Тарых музейин реконструкциялоодо, түндүк-түштүк альтернативалык жолунун курулушунда, жана башкалар. Сиз буларды билбей калышыңыз мүмкүн эмес эле, андыктан анда өзүңүздүн да жоопкерчилигиңиз бар экенин, мыйзам алдында жооп беришиңиз керектигин моюнга аласызбы? 4. Президенттик мөөнөтүңүз аяктай электе эле мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясына өзүңүзгө арнап хансарай салдырып алганыңызды өзүңүз да ачык айттыңыз. Анан дагы ал хансарайды досторуңуздун жардамы менен салганыңызды, мамлекеттик бюджеттен бир тыйын да коротулбаганын айттыңыз. Эми суроо, ошол хансарайга оңой эмес акча каражаты сарпталганын билебиз, анча акчаны өзүңүз айткан досторуңуз деле бекер эле бере бербесе керек. Эгер сыр болбосо, аларга сиз кандай жардам кылдыңыз эле? Анан дагы мамлекет башчысы болуп туруп, кимдир-бирөөлөрдөн алган жардамдын баардыгы пара болуп саналарын билесизби? 5. Сиз президент болуп турганда тышкы карызыбыз эмнеге эки эсеге өстү? 6. Мамлекеттин карызы өсүп жатканда сиз доллар менен мультимиллионер болуптурсуз, кантип, кандай керемет жол менен? Же мамлекет тыштан алган карыздардын эсебинен байыдыңызбы? 7. Бишкек ТЭЦи модернизациялангандан кийин “Айрымдар кредит албаш керек дешет, алар эл душмандары, кредит алгандан коркпош керек” деп айтканыңыз эсибизде. Анан дагы “ТЭЦке мен жооп берем” деген элеңиз, ал жактан миллиондор уурдалганы билинди. Эми жооп бериңизчи, ал миллиондорду кимдер менен бөлүшкөнсүз? 8. Өткөн 2017-жылдын январь айында “Манас” аэропортуна жакын жайгашкан Дача СУУ айылына жүк ташыган түркиялык учак кулап, бейкүнөө мекендештерибиздин өмүрүн алып кетти. Ошондо кайгыга батып турган адамдардын башынан сылап, кайгысын тең бөлүшкөнгө жараган жоксуз. Кийин ал учактагы жүк сизге тиешелүү болгондугу тууралуу түркиялык ММКлар жазып чыгышты. Андай рейстен учак кулаганга чейин 52 жолу жасалган экен. Ошондо сиз мындай контрабандадан канча миллион таптыңыз эле? 9. Мамлекеттен сиз башкарып турган алты жыл ичинде миллиарддар уурдалганы билинди. Ошол акчалар азыр кайда? Эгер өз өлкөңүзгө күйсөңүз, анда ошол каражатты кайра кайтарып бербейсизби? Мына ушундай суроолор өтө көп. Андыктан “Апрель тв” адегенде экс-президент А. Атамбаевден интервью алгандары дурус болот.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу