«Апрель» телеканалы ачылууда. «Ээси экс-президент дейт»

Кыргызстандын медиа айдыңында жакында “Апрель” телеканалы пайда болот. Бул сиз ойлогон “Сентябрь” телеканалынын жаңы аталышы эмес. “Кактус медиа” сайты жазган маалыматка ылайык жаңы телеканал иштеп жаткан “ON1” телеканалынын базасында түзүлүп, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин “Форум” имаратында жайгашат. Жаңы “Апрель” телеканалында негизинен жакында эле иштен кетишкен “5-каналдын” журналисттери иштешмекчи. Ал эми “Апрель” телеканалынын башкы директору болуп “Бешинчинин” мурдагы башкы редактору Дмитрий Ложников болмокчу.

Ишенимдүү булактардын кабарлоосу боюнча жаңы телеканал ачуу идеясы президент Сооронбай Жээнбеков ишке киришкен соң болгон. Анткени коомдук канал баштаган бардык мамлекеттик каналдар президент Сооронбай Жээнбековду гана көрсөтүп калгандыктан, бул экс-президентке жаккан эмес.

“Апрель” телеканалы болуп өзгөрө турчу “ON1” каналынын ээси Туманбаев Каныбек Тургунбекович экени белгилүү. Каныбек Туманбев экс-президенттин шоопуру катары белгилүү Икрамжан Илмияновдун өкүл баласы экени айтылат. Жаңы телеканалдын “Форум” имаратында жайгашары, жана ага ээлик кылган Икрамжан Илмияновдун өкүл баласы экендигин эске алганда “Апрель” телеканалы менен экс-президентттин байланышы бар болушу мүмкүн.

Социалдык тармактарда экс-президент Алмазбек Атамбаев жаңы телеканал ачып жатыптыр деген сөз кызуу талкууга алынып жатат. Айрым интернет колдонуучулар “5-канал” колдон колго өтүп отуруп, Кой-Таштагы жер тилкесиндей Алмазбек Атамбаевден чыгып каларын боолголоп жатышса, айрымдарына телеканалдын аты кызыгууну жараткан. Анткени, ай аттарынын бирин алып жүргөн оппозициялык “Сентябрь” телеканалы жакында эле Жогорку Сот тарабынан жабылган. Ал канал Алмазбек Атамбаевдин оппоненти, камакта жаткан Өмүрбек Текебаевге тийешелүү экендиги белгилүү. Мындан улам, экс-президентке таандык деп саналып жактан телеканалга “Апрель” деген ат коюу эмне себептен болгондугуна кызыккандар көп. Айрым интернет колдонуучулар 1-апрель калп айтуу күнү менен байланыштырышып да жиберүүдө.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин саясий тиреши учурунда мамлекеттик телеканалдар Атамбаевге, ал эми «Сентябрь» телеканалы оппозициялык саясатчыга кызмат кылганын айткан жарандар, эми эки белгилүү саясатчы «Сентябрь» жана «Апрель» каналдары аркылуу маалымат согушун уланта берүүгө чакырууда. Ал үчүн сот аркылуу жабылган «Сентябрь» каналына эфирге чыгууга уруксат берүүгө үндөшүүдө.

Булак: govori.tv

Аргумент.kg
Жооп калтыруу