“Апрель” коррупцияга шектелгендердин, кызматтан айдалгандардын арыз-муңун төкчү аянтчасына айланды .

Тагдырдын тамашасын караңыз, бир убакта “Сентябрь” аттуу телеканалды Алмазбек Атамбаев жана анын маалыматчылары катуу шылдыңга алышат эле. ““Ата мекенчилердин” арыз-муңун төгө турган жайы” дешип. Анан дагы ушул телеканалды ушакчы, имишчил деп шылдыңга алышып, анын колдонуп жүргөн техникасын да “Альфа Телекомго” тиешелүү экен дешип чыгышкан.
Эми ошол кейипти өздөрү кийе баштаган сыяктуу. Биринчиден, Ысык-Көлдөгү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн курулган ипподром үчүн алынып келинген техникалык жабдуулар учурда “Апрель” телеканалына кызмат өтөп атканы тууралуу буга чейин маалымат булактарында жазылган.
Экинчиден, учурда коррупцияга шектелген, кызматынан айдалган А. Атамбаевдин кадрларынын баары эле “Апрель” телеканалына келип, буктарын чыгарып туруша турган болду. Буга чейин биз мурдагы өкмөт башчы С. Исаковдун аталган телеканалга келип, “мен жааган кардай апапакмын, колдорум да апакай, көздөрүм гана көк да” деп актанып кеткенин укканбыз.
Эми болсо, 30-майда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов өзүнө карата козголгон кылмыш иши боюнча дээрлик 2 саат актанганын көрдүк. Эске сала кетсек, А. Ибраимов “ТНК Дастан” ААКнын башкармалыгынын төрагасы болуп турган кезде “Дастан Инжиниринг” ЖЧКсынын башкы директору Асылгүл Сасыбаева менен 533 миң 760 доллар суммасындагы 80 даана атайын буюмдарды сатып алып, жеткизүү тууралуу келишим түзгөн. Ошентип өз “клиентин” тапкан А. Сасыбаева ошол эле милдетти аткаруу үчүн “Дастан Инжиниринг” мекемеси менен Украинанын мамлекеттик компаниясынын ортосундагы ошол эле буюмдардын партиясын 14 миң 400 долларга сатып алуу боюнча келишим түзгөн. Анан ал партияны жеткизүүгө 49 миң доллар сарпталган. Ошондо жалпысынан болгону 63 миң 400 доллар сарпталып атабы? Ортодогу айырмачылык 470 миң 360 долларды чапчыган. Демек, ушунча суммада мамлекетке зыян келтирилген.
Ошондон улам УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин («Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана коротуу») 4-бөлүгүнүн 1,2-пункттарында каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгогон.
Албетте, А. Ибраимов бул иш боюнча жооп берүүгө даярмын деди. Эми ушул сөзүнө туруп, 470 миң 360 долларды кайра ордуна коюп, андан сырткары тиешелүү жазасын да өтөгөнгө даяр турса эле болду.

БУЛАК: maalymat.kg 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу