“Апрель” каналында эски бийликтин эски “пластинкасы”. ..

Кандай жомок болсо да “илгери-илгери” – деген сөздөн башталчу эле. Азыр болсо, “жомоктун” баары АШАнын жеке менчик “апрель” телеканалынан башталып калды. Жалаң жалган жалаа менен ушактан башы чыкпаган бул канал сөрөйгө, эч ойлонбой туруп эле “жылдын башкы жомокчусу” наамын ыйгарсак да жарашчудай. Кечээ булар “дагы бир жыландын башын көргөзүп” “Бакиевчилер кайрадан бийликке келе баштады” – деп “жер тепкилеп” жиберишти. Көптүк санда айткандан кийин “ар биринин фамилиясын “шурудай тизип” берет окшойт” деп элдин баары “кулак түрүп калган”.
Көрсө, “Апрель” каналы “Бакиевчи “ деген эски пластинкасын кайрадан коюп Таласка барып токмок жеп келген Камбаралы Конгантиевди айтып жаткан экен.
Бул жагы “жел чыгарган кыз, жел чыгарбаган кыздын бетин апчыйт” – дегендей эле кеп болду. Анткени 2011-жылы “Конгантиев алчу жазасын алды” – деп аны кылмыш жоопкерчилигинен Алмазбек Атамбаев бошотподу беле? Эми түштөн кийин “кар жаады из басылды” таризинде баарын азыркы бийликке шылтап кутулгусу келген АША менен анын командасында “бет деген” барбы өзү? Кыскасын айтканда апыртуу жагынан эч кимди алына салбаган “Апрель” телеканалы да, ага “дирижёрлук кылган” “башкы увазир” Фарид Ниязов да аман эле болсун…

Аргумент.kg
Жооп калтыруу