Апрелчилердин жаралышы кандай негизде болгон?

Илгери Совет мезгилинде ГКЧП нын мыкчыгерлери Михаил Горбачевдон бийликти тартып алабыз дегенде СССРде кооптуу абал жаралган. Ошондон улам ири державанын түбүнө зак кетип, он беш союздук республиканын таркоосуна шарт түзүлгөн. Андан кийин Б. Ельцин чылбырды колуна алганда ага каршылык көрсөтүлгөндө ак үйгө кирип алгандардын жүрөгүнүн үшүн алуу максатында оор артиллерия менен аткылоо буйругун берген. Ошентип Борис Николаевич мурунку падышадан толук кутулуп, бийликти өз колуна ороп алган. Алдан тайып баратканын сезген соң бийлигин өз каалоосу менен мураскерге-Владимир Путинге өткөрүп берген. Ошол мезгилден бери азыркы орус президенти ээрден түшпөй калкын башкарып келатат.

Ал эми кыргыз өлкөсүндөгү абал кандайча өнүктү? Башка союздан кол жууган өлкөлөрдүн биринде да биздегидей төңкөрүш жүз берген жок. Ала-Тоону мекендеген эр көкүрөк элдин тагдырына эки ирет бийликти алмаштыруу “бактысы” туура келди. Биринчи жолку жоогазын ыңкылабында адам өмүрүнө кесепети тийбегени менен далай талап-тоноолор, өрттөп жиберүүлөр болуп өттү. Тунгуч ажобуздун качып кеткенине байланыштуу “айрылып” калдык. Шүгүр дейли, ал кишинин бир тал чачына зыян келбеди. Балдарынын да башы аман, иштери алгылыктуу жүрүп жатат. Акайыч болсо Москвадагы үлкөн окуу жайда студенттерге дарс окуйт. Ал тургай бараандуу сыйлыктарга да татып жатат. Майрам апчебиздин деле кабагы бүркөлбөдү десек болот. Кээде Бермет деген көкжал кызын ээрчитип алышып Германияга чейин саякаттап келишет. Бирок, айрым “эси” жок жаш балдар жумуртка менен ургулашып жибергени бираз копол көрүндү тигилерге. Шумдугуң кургур десе, ойлонгон ойду кыстаган турмуш кээде жеңип кетет турбайбы? Болбосо колдогу сумкелер “ойноп” кетпейт эле да бирөөнүн далысына карай…

Экинчи ирет кайталанган төңкөрүштүн “мааниси” мурункусунан көбүрөөк айрымаланды. Биринчиден 87 адамдын өмүрү алынды, жүздөгөн жарандар ок жешип, майып болушту. Энелердин көз жашы төгүлдү, жаш келиндер жесир, балдар жетим калды. Болгондо да өз өлкөсүндө, бөтөн жакка барбай мерт кетишкени өкүнүчтүү. Ошентип экинчи ажодон да качырып жиберип кутулдук. Анын деле балдары, бир туугандары, жандоочтору (качып кеткендер) күнөөсү үчүн жазасын эмдигиче ала элек. Сыртынан өмүр боюу кесилгендер болсо даңкылдап эле өмүрүн жигердүү өткөрүп жатышкан кези. Дале болсо алардын “оң сапаттарын” мактаган, жактаган ляппайчылар ойкута, кайкыта чабагандатып жатышканына эч нерсе дей албай “көшөрүп” отурабыз. Аларды “ак кийизге” отургузуп кайрадан шордуу элге хан шайлагылары келгендердин эңсөөлөрү негедир агылып баратат. Этегин тартып койчулардан кыймыл байкалбайт. Чамасы шыйт бергиси келип тургандай жыт бурулдап тургансыйт, атаганат…

Эми сөздүн ток этер жерине өтөлү. Ар кандай өңүттөгү бирикмелер, коомдор экинчи бийлик алмашуудан кийин өөрчүдү. “Мекен шейиттери”, “Айкөл Ала-Тоо”, “Апрель байрагы” жана башка майда-чүйдө бирикмелер тизиле баштады. Ошол чаңы асманга чыгып турган маалда бийликти мыкчыган Убактылуу Өкмөттүн тырп этерге алы жок болчу. Мындай абалда ар кандай ойт берме амалдар чырмалышып, эшик черткилеген эпчилдердин күнү тууду. Бакырганды билгендер, опузалаганга маштар капталдан качырышып ар кандай сыпаттагы иштерге мурдун тыгышты. Колуна тизгин тийгендер ошондойлордун аркы жээкке өтүшүнө “көпүрө” болуп беришти. Ошол тос-тополоң чыккан убакта кайдагы бир шектүү кайбарлар, колтуктан чыга калгандар шыбагага ээ болуп жатышты. Апрелчилердин саны барган сайын арбып баратты. Кызыгы, ал күнү окуяга катышпагандарга деле “сый” көрсөтүлгөндүгү боюнча далай фактылар булайып чыкканын билебиз. Айтор, Убактылуу Өкмөттүн билермандары тараптан кечирилгис каталар кеткендигин түштөн кийин баамдадык. Бирин-бири чукуп атышып, баарын элге өздөрү шардана кылышууда. Кекиртегин майлап, капчыгын калыңдаткандар уялбай этпей эле азыркы күндө да “сахнадан” түшпөй келатышат. Эки жаат болуп командага бөлүнгөндөрдүн жомогун уга берип кулактар тешилип бүттү. Учурда ошолордун калпыс иштерине калыс баа берилеби, кимиси чыныгы апрелчи, кайсынысы карышкырдын терисин жамынып алганын иликтөөгө мезгил келди.

Кеп чынынан бузулбайт демекчи, азыркы күндө бирикмелердин өзүндө бөлүнүп-жарылуу күч алды. Биринин этин экинчиси жегидей абал жаралды. Башында башчы болуп жүргөн, бирок шектүү кыймылы менен жаман көрүнүп калган Осунбек Жамансариевди да өз тобунан ылдый сүрүп түшүрүүгө мажбур болушкан. “Мекен шейиттеринде” да бир топ тирешүүлөр болгону ырас. Анткени ортодо пайда болгон “шыкакчылар” кандай да болбосун эптеп жик салууга умтулууда. Мээрбек Мискенбаевди, Алга Кылычевди болсо ашаткыдай кылып тебелеп салууга ык бергендер түркүн түстөгү “операцияларын” өткөрүүгө кызыктар. Анча-мынча колдоого ээ болгондор болсо шектүү кабинеттерди аңдышып, кандай тапшырма берилсе да аткарабыз деп суксуңдашкан учуру. Минтип отурушса ыңкылаптын чыныгы каармандарына доо кетиши турган иш. Айрыкча ызаага чөмүлгөн Бакиевчилер кырдаалдан пайдаланып, апрелчилерди бозала кылууга ыкчам киришишти. Негедир алардын кыймыл, аракеттеринен колоңсо жыт келгенин да эмнеге айтпашыбыз керек. Негизи ыңкылаптын башкы тиреги катары саналган апрелчилердин ордосун коңторуп салууга болгон коогалаң жөн жерден чыкпаган шекилди. Ал эми мээсине зак кеткен айрым оңду, солду ойногон “шалп этектер” мунун терең катмарына акылы жетпейт сыяктуу. Бир курсак тоюнат, жыртык кийим бүтөлөт, ал эми адам өмүрү кетип, кан менен орнотулган дөөлөттөр жоголуп кетсе кандай коркунучка кептелерине башыңар жетеби? Ошондуктан саясаттын куралына айлануудан этият болушубуз кажет.

Ж. Улукшер

Булак: “Ачык сөз”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу