Апам менен аялымдын согушу айламды кетирди. Жаш күйөөнүн баяны…Эмне кылсам?

Редакциябызга келип түшкөн бул жигиттин катында апасы менен аялынын тил табыша албай жатканы баяндалат.

Башында баары жомоктогудай эле

Үйдүн жалгыз уулумун. 3 жыл мурун сүйлөшкөн кызыма үйлөнгөм. 2 жашар кызыбыз бар, ата-энемдин колундабыз. Башында баары жомоктогудай эле. Апам менен келинчегим үй жумуштары менен үйдө, атам экөөбүз келээри кеч бизнес менен алекпиз.

Келинчегимдин боюна бүткөндөн бери апам менен болгон мамилеси бузулду. Өтүп кетет деп анчейин маани берген жокмун. Тилекке каршы, андай болбоду. Барган сайын күчөп барат.

Экөө тең сөзгө келбейт

Апам өзүнүкүн бербейт, бетке айтмай жайы бар. “Улууларды сыйлашы керек”,-деп, аялымдын жасагандарын жактырбайт.

Келинчегим, “кызыбыз ыйлаак, убактым тар, жетишкен нерселердин баарын жасайм, бөлүнүп кетели”,-деп сөзгө келбейт.

Апам, “кетсеңер, кеткиле” деген абалга жетип калдык. Ортодо калдым.

Кайын эне менен келиндин эрегишкенин  уккам, бирок мынчалык болоорун билбепмин. Жубайым менен апама катуу айта албайм. Эмне кылсам болот?

Назира Кубанычбек, психолог

Урматтуу, мырза! Учурдагы абалыңыз сизге оор көрүнгөнү менен чыгуу жолдору жок эмес. Жалгыз уул болуп, ата-энеңиздин көңүлүн караганыңыз кубандырат, бирок сиз өз алдынча үй-бүлө курган адам экениңизди жана ал үй-бүлө сиздин колдооңузга, коргооңузга муктаж экенин эстен чыгарбаңыз.

Ата-энеңиз иштегенине караганда, өтө улгайган эмес деп түшүнүп турам, демек, аларга болгон камкордук, жардам, көңүл бөлүүнү өзүнчө жашап деле берсеңиз болот деп ойлойм. Тиричиликтин майда-чүйдө көрүнүштөрүнөн улам жубайыңыз менен болгон мамилени суутуп албаңыз, ошол эле учурда ата-энеге да өз ордуна ылайык мамиле жүргүзө алсаңыз жакшы болот.

Адамдар арасында конфликт болгону нормалдуу нерсе, аны сүйлөшүү аркылуу же болбосо убакыттын жардамы менен түшүнүү, ылайыктуу мамилени табуу менен чечүү мүмкүн. Бул сыяктуу көйгөйлөр убактылуу, ал эми үй-бүлө түбөлүк экенин ар дайым эстей жүрүңүз.

Маселени ийгиликтүү чечесиз деп ишенем!

БУЛАК: bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу