Апамды күйөөсүнөн кызганам…

Ата-энем кичинекей кезимде ажырашып кеткен. Апам мен 20 жашка чыкканга чейин турмушка чыкпай жүрдү. Быйыл өзүнүн классташына баш кошту. Апам экөөбүз бири-бирибизге абдан көнүп калганданбы Екатеринбургда окуп жаткан жеримден Кыргызстанга котортуп алды. Азыр эч нерсе көңүлүмө жакпай, жашоого койгон максаттарым жоголуп кеткендей болуп жатат. Конокто жүргөндөй боло берем. Колдон келсе апамды алып чыгып кетким келет. Апам үчүн эле жашап жүрөм. Өзүмдүн атама кетейин десем апам каршы. Мен эмне кылам? Туура эмес ой жүгүртүп жатамбы?

Каныша Кожогелдиева, психолог

Кызым, чоңоюп, акыл эс кирип калган акылдуу кыз өңдөнөсүң. Бардык эле бала кайсы жашта болбосун турмуш кура элек болсо ата-энесине сөзсүз байланат. Ата-энени күтөт, алар менен чогуу болууга умтулат. Апаң сен 20 жашка чыкканга чейин эч нерседен кем кылбай багып, сен чоңойгончо турмуш курбай жүрө бериптир. Ушул себептен сен бул жагдайга көнүп калгансың. Колдон келишинче бөлүшкөнгө үйрөнүп, апаңдын да келечегин ойлошуң абзел. Өзүң кыз адам болгондуктан сен да турмуш курасың. Бул нерсени эстен чыгарба.

Апаңды жакшы көрсөң, ал жактырган адамды сен да жакшы көргөнгө аракет кыл. Кызганып жакшы көрөөрүңдү далилдей албайсың, далилдөө үчүн бактылуу болууга шарт түзүп, көмөк көрсөтүшүң керек.

Булак: «Билесиңби»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу