Апамды канткенде атамдын курган тозогунан алып чыга алам?

Мени баарысы сен кичинекейсиң, көрөөр күнүң алдыда эмне мынча кайгырасың дей берет. Алар менин 15 жашымда кандай гана тозок күндөрдү башымдан өткөргөнүмдү билишпейт да.

Үй-бүлөдө ата-энеси бар, үй-бүлө мүчөлөрү толук болсо адам бактылуу болот дешет, меники тескерисинче. Атам, апамды кордогонун көрүп атам болбой эле калганда бөбөктөрүм менен бактылуу жашамакпыз дейм. Апам байкуш эмнеликтен мынча азапка баш ийип ушул үйдө жашайт билбейм.

Атам заарын чачканда апам байкуш кирээрге тешик таппай калат. Ал эле эмес 3-4 жаштагы бөбөктөрүм да акыркы күндөрү коркуп калганын байкап баштадым. Мен апамды жалгыз таштап алыска кетүүдөн корком. Апам бир аз үйдө жок болуп калса эле, атам өлтүрүп койгон жокпу деген ойлорго кептелем. Канткенде атамдын зомбулугунан кутулуп, ээн жашайбыз билбейм.

Бирок менин аркамда өсүп келе жаткан бөбөктөрүм мен көргөн күндү көрүшүн каалабайм! Азыр ата-энеге арыз жазса болоору жөнүндө мыйзам бар экенин билип, ошол мыйзамды жада калса колдонгондон корком. Апамды азаптуу күндөрдөн бошотуп алгым келет. Ошол эле учурда айылдаштарымдын жемесинен корком. Өз атасын жээрийт деп мени күйөө албай койсочу деген ойлор келе берет. Бирок чындыгында ата-энемдин урушунан жададым.

Атама “башка аял алып алчы, апамды бошотчу бизге сенден эч нерсе керек эмес” десем атам “апаңды өлтүрүп салам, силерди мага каршы үйрөтүп жатат” деп апамды токмоктоп салат. Мен чоңоюп калдым баарын түшүнөм, кимдин ким экенин билем деген сөздөрүмө, заарын чачып “жаагыңды бас” деп кыйкырат.

Бейкүнөө жакшы адамдар өлүп калып жатат, бир эле менин атам өлбөй койду. Жакшы адамдар өлгөнчө атам өлүп калса дейм…

Атам жок болуп калса болмок. Апам эл катары жашамак деген ойдон арылбай койдум..

Канткенде жаман ойлордон арылып атамды жакшы көрүп кете алам…

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу