Антикытайчылар» кийинки митингти Атамбааевдин үйүнүн алдына өткөрөбү?

Антикытай митингин уюштуруучулардын койгон талаптарынын эң негизгиси – бул Кытайдан алынган кредиттердин канчалык деңгээлде өлкө кызыкчылыгы үчүн пайдаланылганын текшерүү, Кытайдан кредит албоо сыяктуу талаптар болгонун көрдүк. Демек, бул айыптоолор түздөн-түз экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишмердүүлүгүнө тиешелүү болуп саналат.
Себеби, Кыргызстандын Кытай өлкөсүнүн алдындагы карызы АШАнын убагында 7-8 эсеге көбөйгөн. Башкача айтканда, 2011-жылы Кытайга болгон карызыбыз 270 млн доллардын тегереги болсо, Атамбаевдин бийликти өткөрүп берип атканы 2017-жылы Кытай алдындагы карызыбыз 1,5 миллиард долларды чапчып кеткен. Демек, Кытайдан карызды ким көп алган болуп атат? Албетте, Атамбаев.
Экинчиден, ошол Кытайдан алынган карыздар (кредиттер) дагы мамлекет кызыкчылыгы үчүн максаттуу пайдаланылбай калганын Бишкек ТЭЦинин таржымалынан билдик. Бишкек ТЭЦи, Датка-Кемин линиясы, Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу сыяктуу ири долбоорлор Атамбаевдин убагында жасалып жана башталган. Алардан жүздөгөн миллиондор сол чөнтөктөргө кирип кеткени да билинди. Мисалы, Бишкек ТЭЦин модернизациялоодон эле 111 миллион доллардан ашуун каражат «желип» кеткени билинди. Демек, буга да Атамбаев жооп бериши керек.
Үчүнчүдөн, Кыргызстандагы кен чыгуучу жайлардын лицензиялары АШАнын убагында анын жан-жөкөрлөрүнө берилип кетиптир. Андыктан эми антикытай митингин эмкиде Кой-Таштагы Атамбаевдин хансарайынын алдына өткөрүү керек. АША өзү чыгып, эл алдында жооп бериши керек.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу