Анжелина Жоли ооруканага жатты

Белгилүү Голливуд жылдызы Анжелина Жоли психикалык оору менен ооруп бейтапканага жатты. Бул туурасында Life.ru маалымат агенттиги The Hollywood Life шилтемеси менен билдирди.

Айта кетсек, учурда «Малифисента-2» кинотасмасын тартып жатышкан. Жолинин ооруканага жатып калгандыгына байланыштуу тартып жаткан тасма убактылуу токтотулду. Америкалык басылмалардын билдиргенине караганда Анжелика 170 см бою менен 44 килограмм салмак менен жүрүп, ашыкча салмак кошуп жаткандыгы үчүн психикалык жактан жабыркаган.

Айта кетсек, актрисанын дарылануусу эки жумага созулат.

Булак: Zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу