Анжелина Жоли жашыруун түрдө Британиялык миллиардерге турмушка чыкты…

Белгилүү Голливуд актрисасы Анжелина Жоли жашыруун түрдө Британиялык миллиардерге турмушка чыкканын New Idea маалымат агенттиги  чет элдик маалымат басылмалардын шилтемеси менен берди. 

Маалыматта айтылгандай, жакын адамдарынын курчоосунда өткөн үлпөт кечеси актрисанын Лос-Анджелестеги жаңы уйүндө болгон. Үлпөт тойго Жолинин балдары бүт катышкан. Өзгөчө Мэддокс жана Пакс апасы үчүн кубангандыктарын маалымат булактары жазып чыгышты.

Ушуну менен Анжелина Жоли төртүнчү жолу турмуш куруп жаткандыгы айтылууда. Ошондой эле, той болоордун алдында актриса мурунку күйөөсү Брэд Питт менен жолугушуп, а балдардын маселесин тууралуу сүйлөшүшкөн.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу