Анжелина Жоли: «Алты баламды багуу үчүн кайрадан тасмаларга тартыла баштайм»

Акыркы жылдарда жаңы тасмаларга тартылбай, чоң экрандан алыстап кеткен актриса Анжелина Жоли карьерасын улантып «Малефисента» фильминин уландысына тартылат. Бул тууралуу актриса өзү Теллурид шаарында өткөн кинофестивалга барганда билдирген.

«Учурда сценарийдин үстүнөн иштеп жатабыз, тасманын уландысы абдан таасирдүү болот» деген ал. Ошондой эле 6 баласын өзү багып жаткандыктан карьерасына кайтып келүү зарыл экенин билдирген. «Эми мен үй-бүлөм үчүн өзүм каражат табышым керек, андыктан жумушка кайтууга убакыт келди» деген актриса.

Белгилей кетсек, буга чейин «Disney» студиясы аталган тасманын уландысы жарык көрөрүн билдирип, сценарийди режиссёр Жез Баттеруорт түзүп жатканын айткан. Фильмдин биринчи бөлүмү 2014-жылы жарык көрүп, 758 миллион доллар киреше тапкан.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу