Анжелика: «Үч күн кыймылсыз жаттым…»

Ырчылык кесипти аркалап, бирде актриса болгон  Анжелика көп учурда күнүмдүк жашоосун  инстаграм баракчасына жүктөп күйөрмандарын кабардар кылып келет. Акыркы учурда ырчы айым март айында тартылчуу баардык сьёмкаларын, интервьюларын токтотуп турарын айтып чыккан эле. Көрсө Анжелика эки жума ооруп жаткандыгын төмөнучө баяндады, «Эки жума ооруп, акыры үч күн кыймылсыз жаттым…Ооруганда жаныңдагы сени карап жаткан жакындарыңдан көзүң өтүп, алардын ар бир сага жасаган мамилесине ыраазы болуп, сакаюууга бел байлайт экенсиң.  Сахна, ыр мени даарылайт»-деп билдирет ырчы Анжелика.

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу