Анжелика: «Үчүнчү кызымдын атасы Урмат Бекболиев, ошону айта албай кыйналып жатасыңарбы?! «

Ырчы Анжелика өздүк баракчасына, айрым маалымат тарартуучу сайттарга нааразы экендигин жазып,  төмөнкү билдирүүнү калтырды. Анда, «Кыздарымдан айлангыла ушакчы сайттар! Пайдасы жок баракчаларды алып жүргөн жаңылык тараткычтар!
Бирөөнүн укугу тебеленсе аны эмнеге жазбайсыңар? Пайдалуу посттуңар кайда?
Жакында эле инстаграмдан негатив окуп,  өз жанын кыйган модельди көрүп замандын кир болуп бара жатканына өкүндүм! Мен супер негативтерге да сынбайм! Тескерисинче жакында негативке бышуу туурасында кеңеш берем! Мен сыноолорго эби жок сүйлөгөндөргө айтаарым, үйүңөрдү жыйнагыла андан көрө, бут кийимерди жуугула (пайдасы тиет өзүңөргө!)
Кичине ушакты башыңарды иштетип жазгыла да ! Үчүнчү кызымдын атасы Урмат Бекболиев !!!! Ошону айта албай кыйналып жатасыңарбы?!»-дейт ырчы айым.

БУЛАК: http://argument.kg

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу