Анжелика, ырчы: “Туулган күнүмө кетчү чыгымга бир бактылуу айымды чет өлкөгө эс алдырып келейин деп чечтим”

— Ош, Жалал-Абадда концерт берип жатыптырсыз, борборго да коесузбу? 
— Концертке даярдык абдан кызуу жүрдү. Учурда биздин коомго позитивдүү маанай жетишпегендей туюла берет. Андыктан, концертти көрүүчүлөрдүн көңүлүн ачып “Но нейм” командасынын жигиттери алып барат. Ошондой эле, “Бактылуу айым” сынагына катышкан 10 айымды балдары менен сахнага чыгууга даярдадык. Сынактын жеңүүчүсү мени менен Түркияга барып эс алып келмекчи. Ал эми борбордо буйруса, ушул күздө өзгөчө чоң программадагы шоу-концерт бергени жатабыз.

— Даярданганынызга канча убакыт болду жана уюштуруу иштери кандай жүрдү?

— Негизинен концерт берүүгө даяр эле болчук. Анткени, буга чейин Бишкектин тегерек четиндеги айылдарга барып, коюп жүргөн программабыз бар болчу. Андан тышкары, быйылкы жылы бир катар ырчылар менен дуэт аткарганга жетиштим. Мисалга алсам, Мээрим Мураталиева менен “Шоппинг” деген тамашалуу ыр жаздырсак, Жумагүл Раимжан кызы экөөбүз “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай” деп ырдап чыктык. Ошондой эле, Айжан Газиева менен биргеликте өзүм продюсерлик кылган “Кидс стар” тобу менен “Модно” деп ырдадык. Бул чыгарманын тарбиялык мааниси өтө сонун болгондуктан эл бат кабыл алды деп ойлойм. Дагы бир айта кетчү нерсе, аталган топ сиздердин тандооңуздар боюнча “Балапан жылдыз — 2017” наамына татыды. Бул сыйлык кичинекейлер үчүн өтө чоң кубаныч болду. Андан соң кыздарым мурдагыдан да көбүрөөк эмгек кылып, кечээ жакында эле чакан чөйрөгө өздөрүнүн чыгармачылык кечесин тартуулаганга жетишишти. Ийгиликтер али алдыда деп ойлойм.

— Түркияга да жолдомо ойнотулат экен, ошол боюнча да кененирээк токтолуп кетсеңиз?
“Бактылуу айым” сынагынын жеңүүчүсү аныктап алсак, балдарыбыз менен биргеликте Турцияга эс алып келүүнү пландап жатабыз. Бул эс алуу туулган күнүмө туш келип калат экен. Жылда туулган күнүм тойго айланып кетчү. Дегеним, досторум, жакындарым, санаалаштарым, кесиптештерим болуп кеминде 100-150 адам куттуктап келишчү. Анан аларды албетте сый дасторкон менен күтүп алам, натыйжада той өткөргөндөй эле болуп калчумун (күлүп). Негизи жылда эле өздүк майрамымды күндүз бар тапканымды көтөрүп балдар үйүнө, карылар үйүнө барып, аладын көңүлүн алып өткөрсөм, кечкисин жакындарым менен белгилечүмүн.  Ал эми быйыл туулган күнүмө кеткен чыгымды бир айымды болсо да бактылуу кылып, өзүм менен кошо эс  алдырып келейин деп чечтим.

— «Кидс стар» тобу алгачкы гастролу болсо керек? Алардын баарын коргоо, коопсуздугуна жооп берүү негизи эле жоопкерчилик алуу кыйын эле болсо керек.
— Ооба, “Кидс стардын” алгачкы гастролу Ош шаарынан башталып жатат. Алардын ата-энелери коштоп келди. Ош шаарын көргөнгө аябай кубанып жатышат.

— Топ менен иштешүүдө кандай кыйынчылыктар болуп жатат ж.а топтун алдыдагы пландары тууралуу бөлүшө кетсеңиз?..
— Кыйынчылык жаратпайт деп ишеничтүү айта алам. Анткени, топтогу кыздардын баары тартиптүү, маданияттуу кыздардан. Алар менен иштешүү мага жеңил. “Каалоо күч болсо кар күйөт” демекчи, эң негизгиси адамда каалоо болуш керек. Ошондо гана ийгилик жаралат. “Кидс стардын” сахнаны багынтууга болгон каалоосу күч. Ошондуктан, талыкпай эмгектенишүүдө.

Маектешкен: Феруза КЕРИМАЛИЕВА

БУЛАК:gezit.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу