Анжелика, ырчы: «Атактуулуктан кээде чарчайм. Ушактагыла, жаман да жакшы да көргүлө…»

Ырчы Анжелика көп учурда инстаграм баракчасына өзүнүн күнүмдүк жаңылытары менен бөлүшүп келет. Бул ирет ырчы айым ,» Ар ким маңдайына жазылган тагдыр менен гана жашайт. Аны сен же мен башкача бура албайм.
Атактуулуктан кээде чарчасам, кээде чыгармачылыксыз жашоомду элестете албайм.
Эч нерсе менен алектенбей күндү өткөрүп жашаса болоттур , бирок, анда жашоонун маңызы эмнеде? Талпыныш керек, кыялдарга жетиш керек, кубаныч-кайгыруу сезимдер менен тыпырчылап, элге пайдалуу болушуң керек деп ойлойм. Бар — жогуң билинбей жашаган мага кызык эмес. Бир Анжелика бар экен- мактагыла , ушактагыла, жакшы көргүлө, жаман көргүлө… ал да болсо жашоонун маңызы»-деп билдирди.

Бул билдирүүнүн пикир калтырчуу жерин ырчы Анжелика өчүрүп койгон.

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу