Анжелика турмуш-шарты начар 13-14 жашка чейинки балдарды Ысык-Көлдөгү лагерге чакырат!

Анжелика: “Балдар — биздин келечек” демекчи, бизге Ысык-Көлдөгү балдардын лагеринен сунуш түшүп, жетишпеген жашоодо жашап, керемет көлүбүздү көрмөк тургай балалыктын бактылуу доорун сүрбөй көр тирилик менен алек болуп жүргөн балдарды Ысык-Көлдөгү балдардын лагерине алып барып эс алдырып келели деп атабыз. Жол кире, тамак-аш, жатакана баары бекер. Буйруса келечек ээлеринин кыялдарын орундатууга, аларга бактылуу көз ирмем тартуулоого бар күчүмдү жана убактымды жумшайм! Бул план июлдун 10дорунан кийин аткарылмакчы. Уюштуруу жагы, балдарды үйүнөн алып кетип, кайра алып келүү жоопкерчилигин толук мойнума алганы турам. Ысык-Көлдү көрө элек, эс алууга шарты жок 13-14 жашка чейинки балдар-кыздарды күтөм!» 

БУЛАК: gezit.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу