Анжелика: «Такыр урушсуз жашайсызбы?»

Ырчы Анжелика  өздүк баракчасына кыздары менен эс алып жүргөн сүрөттөрүн жүктөп, күйөрмандарына төмөндөгүчө суроо калтырып, өзүнүн билдирүүсүн жазган. Анда, ырчы айым, «Канткенде бардык адамзатты мээримдүүлүкө чакыра алам? Сабырдуулукка жана күндөй жылмаюууга?
Такыр урушсуз жашайсызбы? Жиниңиз келгенде эмне кыласыз?
Мисалы мен, түшүнүксүздүк болуп жатканда аягына тынч, акырындык менен чыкмайынча кетпейм. Кетип калсам жүрөгүм ооруй берет. Бардык экинчи тараптын талабына макулдугумду берип, анан өзүмдүн көздөгөнүмдү түшүндүрүп, баары бир макулдук алам:)) Уруш — бири — бирин укпай өзүнүкүн бербей, үндүн бийик көтөрүнкү абалда жаман, көңүл ооруткан сөздөрдү айтуу.
Сиз абалдан кандай чыгасыз?»-дейт Анжелика.

Мындай  суроолуу билдирүүгө интернет колдонуучулар өздөрүнүн  пикирлерин бай-бай калтырышууда.

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу