Анжелика: «Ооба, жүрөгүмдүн ээси бар…»

Дайыма талкуу чордонунда жүргөн теле алып баруучу, ырчы Анжелика бул жолу да социалдык тармакка сырдуу сүрөт жүктөп, элдин бүйүрүн кызытты. Бул тууралуу ырчы айым менен кыскача маек курдук.

 — Акыркы жаңылыктарыңыздан бөлүшсөңүз?..

— Ар дайымкыдай чыгармачылык менен эле алпурушуп келе жатам. Андан тышкары да бир топ долбоорлор менен алекмин. Мына бүгүн, Казакстандан белгилүү имидж-стилист Мади Бекдаир Бишкек шаарына жаш куракка карап кийинүү стили боюнча өзгөчө сабактары менен келип олтурат. “Курак жана стиль” деп аталган мастер класста 20+, 30+, 40+ жана 50+ курактык имидждер талкууланмакчы. Италия, Франция, АКШ, Россия, Испания, БАЭ сыяктуу өлкөлөрдөн тажрыйба топтогон эл аралык класстагы шопинг-специалист көркөм стилдүүлүк тууралуу жеке сырлары менен бөлүшүп, ар бир адамдын өзгөчөлүгүн ачууга көмөктөшөт. Бул менимче элге, өзгөчө жаштарга эң пайдалуу нерсе десем жаңылышпайм.

— Эл көзүндөгү инсандардын жеке жашоосу баарын кызыктырат эмеспи?.. Өзгөчө, сиздики? “Жеке фронт” кантип жатат?

— Чынын айтсам жеке жашоону элге жарыялабай эле коеюн деп чечтим. Жеке жашоо оз нугунда, баары жакшы.

— Инстаграмдагы баракчаңызга жүктөгөн “сырдуу” сүрөт баарын ойлонтту окшойт?..

— Эми ал сүрөттү чыгаруунун себеби бар албетте. Ажырашкан аялга ар кандай сөздөр эле эмес “көздөр” да жабышат экен. Андыктан алардан коргонуу максатында жашоомдогу эң маанилүү киши, жан дүйнөмдүн коргоочусу бар экенин билдирип коюуну туура көрдүм. Ооба, жүрөгүмдүн ээси бар. А эмнеге болбосун?! Жан дүйнөмдүн кулпуланган ачкычын таап, жылуу сөздөрүн арнап, мени ар тараптан колдоп, дайыма жанымдан чыкпай, көңүлүмдү алып турган жан шеригим бар экенин жашырбайм! Бирок, “аты-жөнү ким, кай жактын кулуну, эмне менен алектенет?” деген сурооңуз болсо жооп бере албайм (күлүп). Анткени, анын баарын айтуунун кажети жок деп ойлойм. Эң негизгиси, түгөйүм менен биргемин.  Насип кылса ушул адам менен өмүр бою кол кармашып, карылык доорун сүргүм келет.

— Ошондо жакында тойбу?

— Той кылсак эң алгач журналисттерди чакырам (күлүп). Жооп кыскача эле болсун…

БУЛАК: gezit.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу