АНЖЕЛИКА МУРУНКУ КҮЙӨӨСҮ УРМАТ БЕКБОЛИЕВГЕ НААРАЗЫЧЫЛЫГЫН БИЛДИРДИ

Ырчы Анжелика социалдык тармактардын бириндеги өзүнүн расмий баракчасына мурунку күйөөсү Урмат Бекболиевгекарата нааразычылыгын жазды.

– Мурун «эркек айтты, эркек аткарды» деген сөз бар эле. Азыр болсо аял айтып, өз сөзүнө турган заман келди. Ажырашкандан кийин көп жылдар бою ишенип келген адамымды мурункудан да жакшы, чыныгы жүзүн билип жатам. Мен, менин кыздарым жарым жылдан бери бул нерсени жон терибиз менен сезип келе жатабыз. Анткени биздин камкор атабыз (элдин баары ошентип ойлошот) кыздары кантип жашап жатат, кызыкпайт. Аталык милдетин аткарбайт. Кээде кыздардын суранычын такыр эле аткарбай, көз жаздымда калтырат. Бул жерде үй, унаа, билим алуу (анткени биз буларга үмүт деле кылбайбыз) сыяктуу олуттуу маселелер тууралуу сөз козголбой эле. Маселе анын таптакыр кыздарынын жашоосуна кызыкпай, аралашпай жатканында. Ажырашуудан кийин жок дегенде балдарды бутуна тургузуу тууралуу ойлонот деген үмүт бар болчу. Эч нерсе өзгөргөн жок, мурда кандай болсо, ошол боюнча калды. Ошондуктан, кыздар, өзүңөргө гана ишенгиле!- деп жазган ырчы өз баракчасына.

Ырчы бул билдирүүсүнө чейин кайненеси, Урматтын апасы, кыздарынын чоң энеси каза болгонун жана кыздары менен зыйнатына катышып келгенин жазган эле.

Булак:super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу