Баарыбызга маалым болгондой бүгүн 14-февраль «махабат күнү» деп айтылып келет. Бул майрамды четке каккан ырчы Анжелика өздүк баракчасына төмөнкү билдирүүнү бөлүштү.
«День Валентина деген жок !!!
Валентин күнү эмес «Сүйүүнү билдирүү, айтуу күнү» деп , гүлдөр ,шоколад саткан дүкөндөрдөн соода кылып, жөн эле жакыныбыздын маанайын алып коелу. Кандай дейсиздер?
Мисалы , мен үчүн күндө сүйүү күнү. Мен адамзаттын баарын сүйөм! Мага сүйүүсун билдирип, белек, гүл бергендерди эсиме , көңүлүмө сактай билем.
Жүрөктөр сүйүүгө толсун…»-дейт ырчы.
БУЛАК:http://argument.kg