Анжелика: «Мени коргоочу адам жок экенин билем…»

Ырчы Анжелика бул ирет  өздүк баракчасына айрым адамдарга нааразы экенин жазып, төмөнкүчө билдирүү калтырды:

» Ой тобоо!

Эл сүйлөбөй эле беш алты адам ызы-чуу жасап калыптыр!
Бирөөсү гезитинин сатылышын ойлоп, божомол аңгеме жазса (бекинип) ,бирөөсү жалаң ноль ( сүрөтү,подпискасы жок) болгон аккаунттардан ондон ачып ар кайсы жакта мени шыбап жатат. Эми түшүндүм, көрсө интернетте акча табуунун жаңы жолу ачылган экен. Болгондо да одноклассники деген сайтта ар кайсы аккаунттардагы сүрөттөрдү алып өз баракчасына окшоштуруп да койгондору бар.
Бир аккаунт кайсы планшетке жана телефонго кошулганы дапдаана көрүнгөн программа алдым. Эми автоматтык түрдө бардыгы тазаланып турат. Ким блокко түшсө  болгон таза акаунту менен кетет!
Өзүмө — өзүм жардам берип келем, өзүмө- өзүм кам көрөм… мени коргоочу адам жок экенин билем, ошон үчүн күчтүү болушум керек…»-дейт ырчы айым. БУЛАК:http://argument.kg 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу