Анжелика Марат Назарбеков менен түшкөн сүрөтүнө: «Ооба бул-факт, чогуу олтурганыбызды танбайм»-деди…

Анжелика “Кыргызпатенттин” мурунку жетекчиси Марат Назарбеков менен түшкөн сүрөтүнө ал факт, чындык деп жооп берди. Бул тууралуу ырчы Супер инфо гезитине маек берип жатып айтты.

«Ооба чогуу бир дасторкондо олтурганыбыз чындык. Ал факт. Чындык болгон жерде мен унчукпайм. Сүрөт чыгып кеткенде деле ызылдап мен силерге чалган жокмун да. Ал жерде досторубуз, башкалар деле бар болчу. Сүрөткө, видеого түшүп эле жатканбыз»-деди ырчы айым.

Эске салсак, Анжелика Марат Назарбеков менен чогуу олтурган жеринен фото капканга түштү деген маалымат тараган. Анткени,  “Кыргызпатенттин” мурунку жетекчиси Марат Назарбеков менен көнүлдөш деген ушактар ырчы айым күйөөсү менен эки ажырым жолго түшкөндөн бери айтылып келет.

Бирок, Анжелика азырынча күйөөмдүн ордун баскан эч ким жок. Кыздарым менин байлыгым. Күйөөгө жакынкы арада чыгып жатканымды элестете албайм. Үч жылдай убакыт керек бул темада ойлонгонго деди.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу